Сезбедиң, жалганга сен толгон белең...
Сенсиз да жашоо уланып өтөт экен...
Сезимге мен чекитти койгон менен...
Жалгыздап сүйгөн жалгызым элең...
Жараланган жүрөгүмдү тепсер белең...
Жаш сезимимди ай-ааламдан жашырып,,,
Жаш аралаш жамгыр алдында калар белем...
Күндөр өттү, айлар өттү нечендеген...
Күн сымал жаркырайт сезим деген...
Күнгө алган экем сезимимди теңеп,,,
Күл болуп күйүп кеттим сезим менен...
Жамгыр төгөт нечен ирет нөөшөр менен...
Жалын чачат жүрөккө кызганыч деген...
Жалт карай элесиңди таппай калам,,,
Жашыйм улам, жаз алдындагы жамгыр менен...
Баары жылмаят, кубанат да күлөт...
Баш ийип сүйгөн жандар тизе бүгөт...
Баары эстен чыгат, унутат да унутулат,,,
Бирок сага болгон сезим дале менде жүрөт...
Келди мына күзгү жамгыр кайталап...
Кеч болсо да күз мезгилине бир талап...
Кетирсин мендеги сезимдерди унуткарсын,,,
Келбетин, элесин күз эмнеге эске салат!!!
Салкын согот күзгү шамаал жагымдуу...
Салымы бар, күзгү сонатадай угумдуу...
Сай сөөгүп сыздап кетет күз мезгили,,,
Саамайынан алгач ирет сүйгөн экем сулууну!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев