Предыдущая публикация
Жамгырды күткөн эле дарак дагы.
Тамчылар тамат жерге токтобостон,
Өзүңдү жолуктурдум болжобостон.
Жамгыр жаап, туруп калдык обочодо,
Кылчайып карап койдуң сен томсоро.
Аргасыз мен да күлдүм бир өзүңө,
Тигилдим муңдуу болгон көздөрүңө.
Көздөрүң арбап алды бир караштан,
Эзелки тааныш өңдүү күлүп жатсаң.
Ошентип мен өзүңдү жолуктурдум,
Ал үчүн жамгырга мен “рахмат”– айтам.
Автору: Айсулуу Эсенбаевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев