✍🏻Чыныгы б.а. өмүрдөн өтүп кеткенге чейин сакталган сүйүүнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) жашоосунан гана таба алабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге үйлөнгөн күндөн баштап, Хадича энебиз бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин ага болгон сүйүүсүн таза бойдон сактаган. Ал эмес Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүүсү Хадича энебиз өтүп кеткенден кийин да сакталып кала берди. Хадича энебиз кайтыш болгондон бир жылдан кийин, сахаба аялдардын бири Пайгамбарыбызга келип: "Эми үйлөнүп албайсыңбы?" - деп айтканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) ыйлап:
"Хадичадан кийин да Хадичадай аял болмок беле?" - деп баш тартат.
Эгер, Аллах Таала дин таралуусу үчүн Пайгамбарыбызды үйлөнүүгө буюрбаганда, ал Хадича энебизден кийин үйлөнбөстөн өтүп кетмек.
Мекке шаары мусулмандардын колуна өтүп, адамдардын баары Пайгамбарыбыздын жанына чогулуп, душмандардын баары кечирим сурап, анын айланасына топтолуп жаткан мезгилде, Пайгамбарыбыз алардын баарын калтырып, алыста турган кемпирдин жанына барып, анын алдына чепкенин салып, аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калат.
Кийин, Айша энебиз ал кемпирдин ким экендигин сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
"Ал Хадичанын досу болчу, экөөбүз Хадича тууралуу сүйлөшүп калдык" - деп айтат.
Ошондо кызганган Айша энебиз:
"Качан эле топурак астында калган кемпир тууралуу ойлой бересиңби, Аллах сага андан жакшысын бербедиби?" - дейт.
Пайгамбарыбыз: "Аллахка касам, адамдар мени куушканда, ал мага жөлөк болгон. Адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мага ишенген" - деп, жооп берет.
Пайгамбарыбыздын ачууланганын байкап калган Айша энебиз:
"Оо, Аллахтын элчиси, мен үчүн Аллахтан кечирим тиле" - деп суранат.
- "Сен Хадичага кечирим сура, мен сага кечирим сураймын" - деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
Айша энебиз айтат:
"Аллахтын элчиси Хадичаны абдан көп эстейт эле. Эгер кой союлуп калса, анын бир мүчөсүн Хадичанын досторуна алып барып берчү. "Хадича менин балдарымдын энеси, адамдар мага душман болгондо, ал мага дос болгон, адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мени чынчыл деген, ал мага малы менен жардам берген" - деп көп айтчу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) Хадича энебизге болгон сүйүүсүн ушундай амалдары менен ар дайым сактап келген. Хадича энебиздин ар бир сөзүн, ар бир кыймылын эсинен чыгарган эмес.
Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйдө отурганда эшикти кимдир бирөө тыкылдатып калат.
Сүйүнүп кеткен Пайгамбарыбыз: "Карагылачы, бул Хадичанын эжеси Хаала болуп жүрбөсүн" - дейт.
Эшикти ачышса чындап эле ал Хадича энебиздин эжеси Хаала экен. Айша энебиз аны кантип билгендигин сураганда,
Пайгамбарыбыз: "Ал эшикти Хадичага окшош тыкылдатат экен" - деп жооп берди.
Азыркы учурдагы аялынын жанынан бир карыш алыстаганда аны унутуп калган эркектер үчүн мындан өткөн сабак жок.
Эркек аялынын кыймылынан, сүйлөгөн сөзүнөн анын эмнени каалап жатканын, анын көңүлү кандай экенин билип туруусу керек. Ушундай учурда гана үй-бүлөдө бири-бирине болгон түшүнүк пайда болуп, үй-бүлөнүн келечеги сакталат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебизге кайрылып: "Мен сенин мага ыраазы болгонуңду да нааразы болгонуңду да билип алам" - дейт. - "Кантип билесиң?" - деп таңданат, Айша энебиз. - "Сен мага ыраазы болгон учурда: "Мухаммадын Роббусуна ант болсун" деп касам ичип каласың. Ал эми нааразы болуп турган учуруңда: "Ибрахимдин Роббусуна ант" деп касам ичип каласың" - дейт. Сырын билип алганына таңданган Айша энебиз күлүп, бул ишти моюнуна алат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Айша энебиздин бардык сырын жакшы билет эле. Айша энебизди эркелетет эле, аны өбөт эле. Айша энебиздин тизесине башын коюп жатат эле. Айша энебиздин көкүрөгүнө башын жөлөп Куран окуйт эле.
Мына ушундай үлгүлөрдү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз үммөтүнө сабак кылып таштап кетти. Ал акыркы сөздөрүндө да: "Аялдарыңарга жакшылык кылгыла", "Аялдар силерге аманат" деп айтып өткөн. Ким анын жолу менен жашаса бактылуу, ким анын жолунан чыкса бактысыз. Ким Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) үлгү алып, аялы менен ал көрсөткөндөй жашоо кечирсе, алар бакыттын даамын бирге татышат. Ким үлгүнү башкадан издесе, татыктуу үлгүнү таппайт жана бакыт даамын тата албайт.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/Formulasy ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ +79649904378
✿ WWW.FORMULA.KG
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев