*8. АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО ЖАНА ТУУГАНДАРГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ*
Муавия ибну Жахима, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, Жахима келип: *«Оо, Аллахтын Элчиси! Мен Аллах жолунда согушууну каалап сизден кеңеш сураганы келдим» – деп айтканда, Пайгамбар с.в.м андан: «Апаңдын көзү тирүүбү?» – деп сурады. Ал: «Ооба апам тирүү» – деп жооп берди. Ошондо Пайгамбар мындай деп айтты: «Апаңдын жанында бол. Чындыгында бейиш анын таманы астында».* (Насаи, 3104)
Аиша энебиз риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Мен бейишке киргенде Куран окуп жаткан үндү уктум. Ошондо: «Бул ким?» – деп сурадым. Мага мындай деп жооп беришти: «Ал Хариса ибну Нууман». Андан кийин Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силер да ата-энеңерди сыйласаңар ушул даражага жетесиңер, силер да ата-энеңерди сыйласаңар ушул даражага жетесиңер».* (Хаким, 7247)
Хадистин башка риваятында Абдураззак мындай деп кошумчалап келтирген: *«Анткени ал адамдардын арасынан апасын эң жакшы сыйлагандардан болгон».*
Аттиң, ата-энесин нааразы кылган адамдар билгиле, Аллах Таала силерге бейишти арам кылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы кылган ...».* (Ахмад, 6180, Сахих аль-Жаамиъ, 3063)
Ал эми тууганчылык мамилени бекемдөө Аллахтын азабынан кутулууга жана бейишке кирүүгө чоң себеп болот. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Жакшы сөз сүйлө, ар дайым салам айтып жүр, туугандарың менен катташып тур, адамдар уктап жатканда түндөсү намаз оку, мына ошондо тынчтыкта Бейишке киресиң».* (Сахих аль-Жаамиъ, 1019)
*9. РАМАЗАН АЙЫНДА ОРОЗО ТУТУУ ЖАНА ТАРАВИХ НАМАЗЫН ОКУУ*
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Кимде-ким орозо парз деп ыйман келтирип жана сооп сыйлыкты каалап Рамазанда орозо кармаса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».* ( Бухари, 38, Муслим, 760)
Хадистин башка риваятында мындай деп келген: *«Кимде-ким Рамазанда ыйман менен жана сооп үмүт кылып түндөсү намаз окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».* (Бухари, 37, Муслим, 759)
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *«Аллахтан коркуп беш маал намаз окугула. Рамазан айынын орозосун туткула жана мал-мүлкүңөрдүн зекетин чын дилиңерден бергиле. Аллах буйрук кылса Ага толук моюн сунгула, мына ошондо Раббиңер даярдаган бейишке киресиңер».* (Тирмизи, 616, Сахих аль-Жаамиъ, 109)
Досторунузга болушконду унутпаныздар
Аллах Таала Озунун коптогон жакшылыктары менен кубандырсын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев