Берекелүү Рамазан айынын урматына ушул жылдын 27-июнь күнү "Элим барсынбы?" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан "OSCAR" production студиясынын демөөрчүлүгү астында салтка айланган ооз ачыруу сый тамагы өттү. Иш-чара Алтын Казына ресторанында орун алып, фонд менен тыгыз кызматташып келе жаткан өлкөбүздүн ар кайсы тармагында иш алып барган мамлекеттик кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана маданият тармагынын өкүлдөрү төрүбүздүн көркүн ачып, сыйлуу коногубуз болуп кетишти. Ооз ачыруу мааракесине келип берген жалпы конокторубузга терең ыраазычылык билдиребиз!..