Колунуздагы "Илим алуучуга уйротуу" китеби кыргыз тилине Имам Бурханул Ислам Зарнужи тарабынан жазылган китептен которулган жана Муфтияттын печаты басылып, ыраматылык муфтий Мураталы ажы Жумановдун колу коюлган.
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
Адам баласын илим жана ага (илимге) амал кылуу менен бүткүл ааламдан артыкча кылган Алла Таалага мактоолор болсун. Араб жана ажамдардын (араб эместердин) төросү болгон Мухаммад соллоллоху алайхи васалламга, анын үй бүлөсүнө , хикмат жана илимдин булагы болушкан сахабаларына салават жана саламдар болсун. Андан кийин: Заманыбызда илим алууга аракеттенип, илим пайдаларынан жана мөмөлөрүнөн куру калып, максатына (пайдалуу илимге) жетпей калышкан илим алуучуларды кездештирдим. "Илимдин пайдасы амал кылуу, ал эми мөмөсү илим таратуу". Анткени кээ бирөөлөр илим жолдорун туура карманышпай илим алууда дин шарттарын толук аткарышпайт. Ким болбосун илим жолун туура пайдаланбаса анда ал, адашат. Ал инсан кандай гана максатка умтулбасын максатына жетпейт. Алладан истихара (жакшылыкты талап кылып) сурагандан кийин, илимге кызыгып, Алла үчүн амал кылгандардан кыямат күнү ийгиликке жетүүмдү талап кылып, дуба кылууларын үмүт кылган абалда илим жолун китептерден окуганымды, илим жана хикмат ээлери болушкан (даанышман) устаздарымдан укканымды ачык билдирүүнү кааладым. Бул китебимди "Илим алуучуга үйрөтүү " деп атадым. Китебимди төмөндөгүдөй кылып, бир нече бөлүктөргө бөлдүм:
1. Илимдин жана фыкхтын акыйкаты жана артыкчылыгы.
2. Илим алуу учурундагы ниет.
3. Илим алууда устазды, жолдошту жана туруктуулукту тандоо.
4. Илимди жана илимдүүлөрдү урматтоо. 5. Аракет кылуу, улантуу жана максат коюу.
6. Сабак баштоо, анын тартиби жана көлөмү.
7. Тобокел кылуу.
8. Илим алуу убактысы.
9. Боорукердик жана насаат кылуу.
10. Пайдалануу.
11. Илим алуу учурунда такыбаа болуу.
12. Сергектикти жана унутчаактыкты алып келе турган нерселер.
13. Ырыскынын кемүүсү жана тыйылуусунун жана ошондой эле өмүрдүн узаруу жана кыскаруу себептери.
Топугум бир гана Алла Таала менен, ага тобокел кылдым жана ага гана таянамын.
فصل في ماهية العلم والفقه وفضله
Илимдин жана фыкхтын акыйкаты жана артыкчылыгы
قال رسول هللا صلى هللا عليه وسلم: "طلب العلم
فريضة على كل مسلم ومسلمة"
Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам айтты: "Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга фарз". Билгиле! Бардык эле илимди алуу фарз эмес, "Илму Хал"ды (учурдун илимин) учурда керек болот турган илим алуу фарз. Илимдин артыгы "Илму Хал" (учурдун илими). Ал эми амалдын артыгы бул абалды сактоо деп айтылган.
Кандай учурда болбосун ошол учурда зарыл болгон илим ар бир мусулманга фарз. Албетте намаз окуу фарз болсо, намаздын ичиндеги фарздарын билүү да фарз, важиптерин билүү важип, ошондой эле орозо жана зекет илимин билүү да фарз. Эгер мал-дүйнөсү жетиштүү болсо ажыга баруу фарз болуу менен ажылык илими да фарз. Соода кыла турган болсо соода илимин билүү да фарз. Абу Юсуфтун (Алла аны рахмат кылсын) шакирти Мухаммад ибн Хасандан (Алла аны рахмат кылсын) такыбаалык жөнүндө китеп жазбайсызбы, деп сураганда: Соодалар боюнча китеп жаздым деп айткан экен. Анткени такыбаалык бул соода жумушундагы адамдар менен болгон мамиледе, кесипте шектүү жана макрух (жаман көрүлгөн) амалдардан өзүн сактайт. Ким кандай гана жумуш менен алек болбосун, ошол жумуштагы арам нерселерден сактануусу фарз.
Ар бир мусулманга жүрөк абалынын илими да фарз. Мисалы; тобокел кылуу, Аллага кайтуу, коркуу, жана Алланын өкүмдөрүнө-тагдырына ыраазы болуу. Чындыгында жүрөк абалынын илими бардык учурда кездешет. Илимдин улуулугу эч кимге жашыруун эмес. Себеби, илим адамга таандык. Илимден башка өзгөчөлүктөрдө адам менен айбанаттар шериктеш. Мисалы: Кайраттуулук, күчтүүлүк, жоомарттык, боорукердик жана башка өзгөчөлүктөр. Илими аркылуу Алла Таала адамдын периштелерден артык экендигин ачык билдирип, периштелерди адамга сежде кылууга буюрду. Илим эмне үчүн артык? Себеби 4 такыбаалыкка курал болгондугунда. Адам баласы такыбаалык менен гана Алла Тааланын алдында урматка жана түбөлүктүү бакытка татыктуу боло алат. Мухаммад ибн Хасанга (Алла аны рахмат кылсын) арналып, илимдин такыбаалыкка курал экендиги жөнүндө төмөнкүдөй ыр менен айтылат:
: تعلم فإن العلم زي ٌن ألهله وفض ٌل وعنوا ٌن لك ِّل ال َم َحا ِمد الفوائِد ِ ٍ زيادًة من العلم وا ْسبح في بحور ً كل يوم وكن ُمستفيدا ْه فإن الفق تفق ه أفض ُل قائٍد إلى الب ِّر والتقوى وأعدل قاصد َّ ِن ال ُهدى هو الحصن ُينجى من جميع الشدائد هو العلم الهادي إلى َسَن د على الشيطان من ألف عابد أشُّ فإن فقيها واحدا متو ِّرعاً
Илим алгын илим зыйнат зор белек .
Артыкчылык мактоолорго чоң дарек .
Таалим алгын кошуп күнгө кайра күн
Сүңгүп киргин деңизине пайданын
Аалым болгун жетекчинин абзели
Адилети, такыбаасы, жакшысы
Туура жолго түздөп турат илими,
А, туура жол адамзаттын бактысы
Илим коргон курчап бардык тарабын
Ээсин сактап кыйындыкка бербеген. Шайтан үчүн күчтүү такыбаа бир аалым Кулдук кылган миң илимсиз пендеден.
Адеп-ахлактан башка илим алуу дагы фарз, мисалы: жоомарттык, көралбастык, коркоктук жана кайраттуулук, ысырапкорчулук, үнөмдөө жана башкалар. Чындыгында текебердик, көралбастык, коркоктук жана ысырапкордук арам. Жогорудагыларды жасоо күнөө экендигин билмейинче алардан инсан сактана албайт. Аларды билүү ар бир мусулманга фарз. Сайид Имам Ажал Шахид Насриддин Абал Касым деген киши (Алла рахмат кылсын) "Ахлак" боюнча китеп жазган. Мына ошол китеп ушунчалык жеткиликтүү жазылган, ар бир мусулманга анын китебин жаттоо пайдалуу. Кээ бир учурда гана керектеле турган илим фарз кифая (жетиштүү фарз). Ал илимди бир кыштактан бирөө билсе, калгандарына билүү зарыл эмес. Эгерде бирөө да билбесе, анда баардыгы күнөөкөр болушат. Имамга айыл элине бул илимди алууга буйруу милдет. Эгерде бул илимден баш тартышса имам мажбурлашы керек.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1