Президенттикке талапкер Темир Сариев, Бишкек шаарындагы Бишкек гуманитардык университетинде жайгашкан, өз шайлоо аймагында биринчилерден болуп добуш берди.
Журналисттерге берген интервьюсунда, Темир Сариев шайлоо таза жүрүп, жыйынтыктар шайлоо аймактары жабылгандан бир саат өткөндөн кийин маалым болооруна ишенээрин айтып өттү.
" Аймактар туура саат 20:00до жабылат. Демек 20:30да, эң көп дегенде 20:45те болжолдуу жыйынтыктар белгилүү болуп, добуштарды расмий эсептөө 2-3 күндүн ичинде бүтүшү керек."-деди талапкер.
Темир Сариев, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү шайлоого терс таасирин тийгизе турган 2 кооптуу учурду белгилей кетти.
"Биринчиси бюджетниктерди, социалдык жана укук коргоо органдарындагы кызматкерлерди бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган админресур болсо, экинчиси шайлоочуларды сатып алуу. Бизге добуштар сатып алынып жаткандыгы туралуу маалыматтар келип түшүүдө. Көбүнэсе мындай көрүнүштөр түштүк жана Ысык-Көл аймактарында болууда. Биздин оперативдүү штаб бул нерсени каттап жатат."- деди.
Ошондой эле Темир Сариев " Менин командам ачык жана таза үгүт иштерин жүргүздү. Биз шайлоочулардын колдоосуна ишенебиз",- деп, кошумчалай кетти.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев