Эки киши жол тосуп турушат.
Көпкө чейин машине өтпөйт. Бир
кезде нары жактан Камаздын
рулун кармап алып бир киши
чуркап чыгат. «Кыыйч» деп
тормоздун үнүн туурап экөөнүн
жанына токтоп:
- Эмне проблема? Отургула
жеткирип койойун, - дейт.
- Сен эмне жиндисиңби, бар кете
бер,- дешсе, тигил койнунан
тапанча алып чыгып:
- Бол ылдам машинеге отургула! -
дейт.
Экөө коркконунан аны менен
чуркап жөнөшөт. Чуркап келе
жатышат… 5 чакырымдан кийин
тиги токтоп:
- Достор, жакында ГАИнин посту
болот, менин болсо айдоочулук
күбөлүгүм жок. Силер түшүп, баса
бергиле. Мен жүгөрү талаа менен
посту айланып өтүп, анан силерди
алып кетем.
Экөө сүйүнгөн бойдон жиндиден
кутулдук деп жөнөшөт. Посттогу
ГАИ кызматкерине келишип:
- Жолдош милиционер, бизди бир
келесоо тапанчасы менен
коркутуп, 5 км чуркатып келди!
- Камаздын рулу мененби?
- Ооба!
- Каякка кетти? Биз аны көптөн
бери кармай албай жүрөбүз.
Күбөлүгү жок айдап жүрөт!
Аң – таң болгон экөө, эч нерсе
түшүнө албай:
- Жүгөрү талаасы менен чуркап
кетти, - дешет.
ГАИ кызматкери мотоциклдин
рулун алып чыгып:
- Отургула, бириңер артка,
бириңер люлькага! Биз азыр аны
кууп жетебиз.
- Сен эмне жинди болдуңбу?
ГАИ кызматкери автоматын алып
чыгып, кыйкырат:
- Ылдам, орду-ордуңарга отуруп
калгыла!
Үчөө жүгөрү талаасы менен
чуркап жөнөшөт. Гаишник
люлькадагыны карап:
- Сен эмне туруп алгансың? Сен
деген люлькадасың, бол ылдам
отур!
Ал отурган бойдон чуркап жөнөйт,
ага такыр эле жол көрүнбөйт,
бети-башына жүгөрүнөн
дүмбүлдөрү урулуп жатат,
буттары ооруп чыгат. Ушунун
баарына чыдабай артта отурган
досуна карап айтат дейт:
- Энең, биякка эмнеге
отурганыбызды билбейм, жана
тынч эле Камаз менен кете берсек
болмок
www.kyrgyz.online деген сайты ачылыптыр, кирип катталып, сайттын мындан ары иштеп кетуусуно колдоо корсотолу!
https://vk.com/wall-211338552_47
http://anekdot.kg , одноклассники https://ok.ru/apendi тайпасына, инстаграм баракчабызга https://instagram.com/anekdot_kyrgyz , телеграмм баракчабызга https://t.me/nukura , в контакте.
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12