--------------------------------------------
Кор тирилик кор кылды, кимге барып жалынам.
Жер бетинде олко жок, кыргыз кадам баспаган.
Оз арманы ичинде,
Ата журтун сагынган.
Айласыздан айла жок,
Кор тирилик айынан.
Европаны аралап,
Америкага кеткен бар.
Кочотун тигип корейдин,
Анда да журот кыргыздар.
Коншубуз орус олкосун
Миллиондоп кыргыз коргонсун.
Шыпырып кочо уйлорун,
Кыргызым бугун кордолдун.
Алыстап эне атадан,
Бактысын издеп талаадан.
Канчалап кыргыз жаштары,
Кырсыктан омур кыйылган.
Кор тирилик айынан,
Энесин бала сагынган.
Апаа качан келес деп,?
Кеч кирсе жолду караган.
Кеткенден келбей калган бар,
Кырсыктан дуйно салган бар
Апалап ыйлап жол карап,
Канчалап осот жаш балдар?!
Оз жерин болсо май суттуу
Падышан болсо акылдуу.
Тентимек беле кыргызым,
Жашамак эле бактылуу?!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев