жүзүндө
дарактын
миңдеген
түрү
бар.
Алардан
эң
чоң
деп
эсептелгени
"секвойя".
Ал
эми эң кичине дарак "бансай" деп
аталат. Кызыгы эң чон дарактын узундугу
135 метрде болсо, эң кичине дарак
жарым карыштай гана-20 см. Бүгүнкү
күндө бул эки дарак тең жогору
бааланып, закон астында коргоого
алынган. Ал дарактар исскуство катары
таанылат.
Секвойя дарагы.
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң дарактар-
секвойялар. Дагы бир аталышында
аларды "мамынт дарагы" деп аташат.
Секвойя аталышы "тирүү байлык" деген
маанини берет, аталган дарактын бул
түрү бир гана Түштүк Америкада
сакталып калган. Муз дооруна чейин,
динозаврлар доорунда мындай дарактар
дүйнө жүзүн каптап турган.
Археологдордун казуу иштери жана
изилдөөлөрүнүн натыйжасында, мамынт
дарактары "юрск"дооруна таандык
экендиги далилденген. Учурда эң чоң
даракты АКШнын Колифорния
штатындагы Сьерра-Невада тоосунан
табууга болот. Секвейялар орточо эсеп
менен 3000 жылдан 4000 жылга чейин
жашайт, эң көп жашаган секвейянын
жашы-4830 жылды түзөт.
Бүгүнкү күндө секвейялар дүйнөдөгү эң
чоң, тирүү организм болуп эсептелинет.
Илгери эн бийик секвейаны "токой
атасы" деп аташкан жана анын
бийиктиги учурдагы 22 кабаттуу үйгө
тете, тагырагы 135 метр, ал эми диаметри
22 кулачты чапчыйт. Бирок бул дарак
бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу
сакталып калынган эмес. Учурда секвойя
дарактары "гиперион" аталышы менен
таанымал, анын бийиктиги 113 метр, ал
эми диаметри 11 гана кулачты түзөт.
Дүйнөгө таанымал бул дарактын кесилген
жайынын ордуна беймарал бий
аянтчасын орнотууга же унаа койчу
аянтчага айлантып алууга болот. Бирок
токойчулардын белгилөөсүндө бул
даракты кесүү өтө коркунчтуу, анткени
анын салмагы 2,5 миң тоннанын түзөт.
Эмне учун секвеялар жаголуп кеткен?
Албетте адамдын катыштыгы менен ал
дактар жоготууга учураган. Севойя
дарактары токой аянттарынын курулуш
иштеринде кеңири пайдаланылган.
Ошондой эле токойчуларга бул
дарактарды кесүү бир кыйла жеңил
болгон. Учурда секвойялар бир нече
санда гана сакталып калып, аны закон
астында коргоого алынган. Аталган
даракты "секвойя" улуттук паркынан
жана "редвуд" паркынан көрүүгө болот.
Эң кичине дарак "бансай".
Бансай дүйнөдөгү эң кичине дарак.
"Бансай" сөзү-"идиште өстүрүлгөн" деген
маанини берет. Аны адам жашаган
бардык аймактан көрө алса болот.
Анткени бансай чоң дарактардын түп
нускасы болуп, адамдардын көңүлүн
көтөрүүгө жөндөмдүү. Психолоктордун
айтымында бансай адамдын
психологиясына жакшы таасир берет.
Дүйнөдөгү эң кичине дарак табиятта
өзүнчө өспөйт, аны адамдар өздөрү
жасалма түрүндө иштеп чыгышат. Бул
даракты өстүрүү үчүн да өзүнчө искуство
катары таанылып, аны өстүрүүдө Япония
алдыда турат. Ошондуктан чыгар, бул
дарактын Мекени-Япония.
Анын тарыхы туралуу.
Бансайдын тарыхына токтолсок, бансай
биздин заманга чейин 231-жылы Кытайда
өстүрүлө баштаган, кытай тилинде аны
"пень-цай" деп аташкан. Эң биринчи
бансайды өстүрүү Таң империясына
таандык. Аны сүрөтчү табияттын сүрөтүн
карап отуруп, даракты кичине идишке
олтургузуп ойлоп тапкан деп айтышат.
Дагы бир уламыштарда айтылышынча,
император өзүнүн жериндеги тоолор,
шаар-айылдарды, токой-колдөрдү
кичинейтирилгентүрдө көрүүнү каалаган.
Ушул максатта иштелип олтуруп кичине
дарак "бансай" ойлонуп табылган. Ал эми
Японияга ал VI-кылымда буддис манахтар
тарабынан алып барылган. Алар өз
үйлөрүнүн терезелерин бансай менен
кооздогон, анын бою жарым метрге да
жеткен эмес. Бир канча убакыт өтүп, бул
даракты өстүрүү эл арасында кеңири
тарап, аны салтанаттуу мааракелерди
коздоого колдоно башташат. Аны хати-
но-ки—"идиш ичиндеги дарак" деп атап
башташкан. XVIII- кылымга келип
Япония бансайды өстүрүүнү толук
исскуство катары таанып, анын түрдүү
көрүнүштөрүн иштеп чыгууга
жетишишкен. 1914- жылы Токиодо
биринчи жолу бансай көргөзмөсү болуп
өткөн.Буддистер бул искуствонун Кудайга
жакындоо деп айтышат, алардын
пикиринде "ким бансайды өстүрсө, ал
Кудайдын бейишин аралагандай болот".
Учурда бансай кадимки дарак түрү
катары эсептелинет жана аны өстүрүүнүн
бир канча методдору ойлонуп табылган.
Атайын өстүрүүдөгү бансай дарагы
табияттагы дарактардан эч
айырмаланбайт.
Кошумча:
Ар бир даракты бансай формасында
өстүрүүго болот, ал үчүн өзүңүз каалаган
дарактын бир чырпыгын алып диаметри
15 см болгон идишке олтургузуп, ага күн
алыс алыс суу куюп туруу зарыл. Идиште
албетте куйулган суу чыгып кете турган
тешикчелер болуусу керек. Аталган
идиште 3 жылча өсүп, ал убакта көчөттүн
тамыры тар идиште кысылып олтуруп,
кичине дарактын формасына келип
калат. Тагырак айтканда көчөт
кийинчерек чоң идишке олтургузулса да
чон дарактай болуп өсүп кетпейт.
Ошондой эле аны өзүңүз каалаган
формага келтирсениз да болот. Ал үчүн
жез металындагы зым менен көчөттүн
бутактарын майда ороп, сиз каалаган
формага келтирип коюу мүмкүн. Бир
канча убакыттан сон ал сиз каалаган
формага түшүп берет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2