Көпчүлүгүбүз күнүмдүк жашоодо көрүп бирок маани бербеген көп кызыктар бар. Мисалы баарыбыз эле окуп жүргөн китептердин 17-бетиндеги мөөрү. Ойлонуп көрдүнүз беле эмнеге дал ушул бетке мөөр басылат? Же болбосо саат сатып алганда сыртындагы “10:10” өткөн убакытка маани бердиңизби?Эмне үчүн сааттардын сыртында ушул убакыт көрсөтүлөт?
Ушул суроолор менен китепканаларга жана саат саткан сатуучуларга кайрылганыбызда “бул дүйнөлүк стандарт” деген сөздөн башка жооп айта алышкан жок. Ошондуктан жогорудагы суроолорго жооп алууда интернеттеги булактардан пайдаландык.
Китептердин 17-бетине мөөр басылганынын себеби 16-бет автордук бет, бир дептердин аякталышы болуп саналат. Эгер 1-16-бетке чейин мөөр басылып калса ал китептин автору басмакана болуп калат жана автордун укугу бузулат.
Мамлекеттик китепканалардын көпчүлүгү советтик мезгилден калган салтка ылайык 17-бетке мөөр басып келишет. Бул салт бүгүнкү күнгө чейин келип, стандарт болуп калыптанып калган.
Сааттардын сыртындагы “10:10” көрсөткөн убакыт маркетологдордун жана менеджерлердин айтуусуна караганда күлүп турган жүздү элестетет жана адамдарга позитивдүү маанай тартуулайт. Ал эми “16:40” көрсөткөн убакыт болсо кайгырып турган жүздү көз алдыбызга тартат. Эң негизгиси “10:10” болгон убакытта саат чыгарган фирманын маркасы даана байкалат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3