Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Төмөндө уюлдук байланыш тармагындагы өзгөчө телефон, соңку жаңылыктар жана кызыктуу фактылар берилди.Байланыш үчүн гана эмесУюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. Алардын артынан радио, фотоаппарат, интернет жана электрондук почта кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айтор, адамдар телефонго байланды да калды.Эске салсакУюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Моторола” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.Капчыгы калыңдар үчүнУчурда “люкс” классындагы телефондорду чыгаруучу "Нокиа" компаниясынын бир бутагы болгон “Верту” компаниясы бар. Верту телефондорунун корпусу алтын, ак алтын, титан, болот жана башка баалуу, жогорку сапаттагы металлдардан жасалып, кымбат баадагылар болуп саналат. Бул телефондор чыгарыла баштаган 10 жыл ичинде бардарлыктын символу болуп, байлыкты даңазалоочу буюмга айланган. Анын эң атактуу түрү болуп Boucheron Cobra (Боушерон Кобра)саналат. Баасы 320 миң евро. Ал эми Signature (Сигнатур) жана Ascent (Аскент) үлгүлөрүн даярдоого 940 түрдүү бөлүкчөлөр колдонулат. Верту телефондорунун башка телефондордон дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ал – бир гана өлкөдө (Англия) жасалгандыгы.Соңку жаңылыктарТөмөнкү таң калтыруучу изилдөөлөрдүн жыйынтыгына көз чаптырып отуруп, уюлдук телефон дүйнөнү багынтып алгандай сезилет.Изилдөөлөр боюнча уюлдук телефонду колдонуучу эгер телефонун унутуп койсо, болжол менен ар бир 18 мүнөт сайын аны эстейт. Ал эми кредиттик картасын же айдоочулук күбөлүгүн унутуп койсо, бир күн бою эстебей жүрө алат.Эстонияда шайлоо бюллетендеринин ордуна уюлдук телефондор колдонула баштады. Эми жактырган талапкерге СМС аркылуу добуш берүүгө болот. Ошентип, “уюлдук добуш берүү” эрасын эстондор баштап беришти.Англия менен Германияда поезддин жүргүнчүлөрү жол акысын телефондун жардамы менен эле төлөп коё алышат. Билет акысын төлөнгөндүгүн тастыктаган телефондогу билдирүүнү кондукторго көрсөтүп түшүп кете алышат.Түштүк Кореялык SK Telecom уюлдук оператору чиркейден тажаган абоненттер үчүн өзгөчө кызмат ойлоп тапкан. Тактап айтканда, телефонго кошумча функция кошулуп, өзгөчө үн чыгаруу жолу менен адамга чиркейди жолотпойт. Мындай кошумча кызматтына кошулуу акысы 2,5 доллар.Америкалык Cricket (Крикет) уюлдук оператору “Гиннес” рекорддор китебинин рекордун жаңыламакчы. Тактап айтканда, алар дүйнөдөгү эң чоң уюлдук телефонду чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.Кызыктуу фактыларДүйнө жүзү боюнча 3 миллиард 300 миллиондон ашуун уюлдук телефон бар. Демек, Жер планетасынын калкынын жарымы уюлдук телефонду колдонот.
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 125 миллиондон ашуун телефон керектен чыгып, ыргытылат. Ал эми уюлдук телефонун эң тез алмаштырган улут болуп корейлер саналат.
Статистикага кайрылсак, 2009-жылдын 6 айында дүйнөдө 555 миллион телефон сатылган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 миллионго аз. Баарынан эң көп “Нокиа” компаниясынын аппараттары сатылган. Кийинки орундарда “Самсунг” жана “LG” компаниясынын продукциялары турат.Дагы эмнеге жөндөмдүү?Уюлдук байланыш бара-бара өнүгүп отуруп, адамдарга ыңгайлуулуктарды алып келүүчү дагы бир канча кызматтары пайда болмокчу. Учурда дүйнөлүк операторлор алардын үстүндө иштешүүдө.Коргоочулук. Телефон кожоюнун капысынан кол салган тоноочудан бир нече жол менен сактап кала алат. Биринчиден, ток менен. Бул үчүн телефондо электрошокер болуп, ал тоноочудан ток менен сактай алат. Же болбосо телефонго көрүүнү начарлатуучу күчтүү нур орнотулуп, ал да кол салуулардан сактайт.Дарыгерлик. Телефон адамдын үнү, кан басымы жана денесинин температурасын көзөмөлдөп турат. Керектүү учурда автоматтык түрдө “Тез жардам” чакыра алат.Майыптар үчүн. Көрүүсү начарларга радио толкундардын жардамы менен алдында эмне тургандыгынан кабар бере алат. Ал эми сүйлөй албагандар үчүн атайын режимде маек уюштуруп бере алат.
Комментарии 1