ЗАРЫЛ МЕДЕТБЕКОВНА
ТРУБАЛАРДЫН СПАЙКАСЫ БАЛАЛУУ БОЛУУ БАКТЫСЫНАН АЖЫРАТАТ!
89296743646
Тукумсуздукка себеп болгон оорулардын бири спайка, башкача айтканда, түтүктөрдүн жармашуусу .
Түтүктүн спайкасы деген эмне?
Түтүктүн спайкасы – бир нече себептердин натыйжасында түтүктүн ички бетиндеги терилердин бири-бирине жабышуусу. Түтүктүн диаметри ичке, 1 миллиметрди гана түзгөндүктөн жабыркоого тез учурайт. Балалуу болууга бирден-бир жол болгон бул аялуу органга кылдат мамиле кылуу - ар бир аялга милдет.
Түтүктүн спайкасын 3 абалда карасак болот:
1. 1-стадия. Спайка жаңыдан пайда боло баштаган учурда уруктанган жумуртка клеткаларынын жатынга карай жылуусу үчүн түтүктүн ортосунда жетишерлик орун болот. Бул учурда хирургиялык операциянын жардамысыз эле, дары менен айыктырууга болот.
2. 2-стадияда спайка түтүк менен жумурткалыктын ортосунда жайгашат. Бул учурда урук клеткалары эркин жылып кыймылдай албайт. Ошол себептен хирургиялык операциянын жардамы керектелет.
3. Жатын түтүктөрү толугу менен жармашып, буралып калат. Натыйжада суюктук өтүүгө жол берилбейт. Мында да хирургиялык операция, мисалы, лапароскопия ыкмасы менен ажыратууга туура келет.
Спайканын себептери:
1. Суук тийип күчөп кетиши;
2. Жатындын сезгенүүсү;
3. Жыныстык катнаш аркылуу жуккан гонорея, хламидиоз, уреаплазма, трихомониаз сыяктуу инфекциялык ооруларга кабылуу;
4. Этек кир толук бүтө электе жыныстык катнашка баруу. Этек кир бүткөндөн кийин дагы эки күндөн соң кошулуу сунушталат;
5. Кесарево жолу менен төрөө;
6. Бойдон алдыруу;
7. Бойдон түшүү;
8. Ар кандай операциялар;
9. Эндометриоз оорусу. Бул - жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалардын жатындан тышкары башка органдарга да көчүп өсүп кетүүсү;
10. Стресске кабылуу;
11. Гормондордун бузулушу.
Оорунун белгилери:
1. Этек кир келген учурда жыныстык органдар талып ооруйт;
2. Ичтин ылдый жагы, табарсык сыздап ооруйт;
3. Кээде табарсыкты ийне менен сайгылагандай тызылдап тынчты алат;
4. Буттун муундарына да таасирин тийгизип оорушу мүмкүн;
5. Ич оорутуу;
6. Жүрөк айланып кусуу;
7. Дене табынын көтөрүлүшү;
8. Жүрөк ооруларынын пайда болушу;
9. Жоон ичегилердин жабыркашы, ич катуу, ич өтүү.
Эгерде сиз Москавада болуп гинекологго көрүнүү керек болуп жатса , сизге 30жылдык стажы бар , жогорку категориядагы гинеколог Зарыл Медетбековна эжеге кайрылсаңыз болот.
Адреси. М. Менделеевская. Тихвинский переулок дом 9 стр.1
Тел.89296743646
Же ватсап +79296743646
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев