бала бакчада кичинекей баланын өтүгүн кийе албай атканын көргөн тарбиячы эже балага жардам бермекчи болот. Бирок эжейин баланын өтүгү, кончунун жарымына чейин жетип же ары кетпей же бери кетпей бир топ кыйнайт. Акыры кара терге түшүп эптеп кийгизип бүтсө, бала:
-Эже, тетири болуп калыптыр өтүгүм- дейт. Чын эле тетири болуп калганын көргөн эжейи жинденип кайра жулкулдатып кандай азап менен кийгизсе ошондой азап менен кайра чечип кайра кийгизет.
Кийгизип бүткөндө бала:
-Эже бул менин өтүгүм эмес экен- дейт...
Жаны кашайган эжейи
-Ой анан жана эле айтпайт белең?- деп сүйлөнүп кайра чечет... Анда бала:
-Бул өтүк менин бөбөгүмдүкү, Апам болбой кийгизип койгон" дейт...
-Ой айланайын, анан эмне айттың, мени убара кылып- деп эжейи жинденип атып кайра араң өтүгүн кийгизип бүтүп:
-Мээлейиң кана?- десе бала:
-Жана чечкенде өтүктүн ичине салып койгом"-деп койот дейт....😁😁😁
#эс_алуу_күнүңөр_көңүлдүү_өтсүн!
https://sng-vmsk.ru/kelgenden-birinchi-uyaldym/
https://sng-vmsk.ru/kozubuz-chagylyshyp-zhatty/
https://sng-vmsk.ru/alyp-kirip-chygyp-baratsam/
https://sng-vmsk.ru/zhakshy-sujloshkonumdu-bilet/
https://sng-vmsk.ru/ozun-zhonundo-ajtpajsynby/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев