SUPER.KG
Жашоодо айымдардын эч нерсеге алмашкыс өзгөчөлүгү - баланы боюнда 9 ай көтөрүп, жарыкка алып келүү бактысы. Аялзаты үчүн ЭНЕ болуу бактысынын орду бийик жана сыймыктуу. Бала тарбиялоо ишиндеги эмгегиңер баа жеткис экени талашсыз. Бүгүнкү заманда мырзалар менен тең тайлаша иштеп, турмуш жүгүнүн бир капталын көтөрүп келе жаткан айымдарга мактоолор сөзсүз жарашат.
Энелер, эжелер, карындаштар, бар болгула! Дайыма назик, сулуу бойдон мырзалардын арзуусу, сүйүктүүсү жана жубайы, сүйүктүү апасы, үй-бүлө очогунун ээси болуп, аман жүрүңүздөр. Бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт, бийиктик каалайбыз. Жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым бар болуңуздар. Майрамыңыздар менен!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев