[سورة الحجر: 95]
«Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз!» (Хижр сүрөсү: 95)
Саъдий тафсири:
"Сени жана сен алып келген динди шылдыңдагандарга Биз Өзүбүз жетиштүү болобуз. Бул Аллах Тааланын өз пайгамбарына, шылдың кылгандар ага зыян келтирбейт жана аларга каалаган түрдөгү жазасын берүү менен өзү жетиштүү болот деген убадасы. Чынында, Аллах бул убадасын аткарды. Анткени, пайгамбарды жана ал алып келген ишти ким шылдыңдап чыкпасын, Аллах аны кыйроого учуратып, эң жаман өлүм менен өлтүргөн".
-----------------------------------------
↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз!
Telegram: https://t.me/sunnotko_bagyt WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/JShwGg1jfp2KmQWn8LSn8I -----------------------------------------
© Сүннөткө багыт
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев