Предыдущая публикация
Сиз менен жолугуп, сүйлөшүүдөн ар кандай шылтоолорду айтып качкан адамга сиз кандай мамиле кылат элеңиз? Адамдардын көбү антип качкан адамдан жүз буруп кетишмек же жашоосунан өчүрүп салмак. Бирок Улук Аллах Өзүнүн макулуктарына окшош эмес. Аллах албетте намаз окубай, Аны менен сүйлөшүүдөн, Аны зикр кылуудан баш тартып жүргөндөргө нааразы, бирок Ал ал пенделеринен жүз бурбай, аларга Өз ырайымынан ырыскыларын жана жакшылыктарын берүүнү улантып, алар үчүн тооба эшигин алардын жашоосу бүткүчө жаппайт! Ошондуктан намазга шашылгыла! Ийгиликке жана коопсуздукка шашылгыла!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев