«Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз. Ар түркүн оорулардын алдын алып, ден соолугубуздун сакчылыгында турган иммунитет дүйнөсүнүн сырларын назарыңыздарга сунабыз. Жалпы түшүнүк
Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт. Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот. Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу
Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугунун сакчылыгында инфекцияларга жана чоочун заттарга каршы «аскер-клеткалар» жана механизмдер иштеп турат.
Ички агрессияны (душмандын кол салуусун) басуу үчүн даяр турган атайын клеткалар да бар. Мунун баарын иммундук система жөнгө салат.
Эми муну жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк. Атайын клеткалар ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында организмди кыдырып, ар бир клетканын «паспортун» текшерип турат. Анткени мүнөт сайын аба, суу, тамак-аш жана теридеги тытылган, чийилген жерлер аркылуу организмге түрдүү чоочун микробдор, вирустар, мителер, майда козу карын денечелери кирет.
Ал эми сакчылыкта турган иммундук система аларды дароо билип, курчоого алып, жок кылат. Кокус «күчтүү душман» (мисалы, микроб же вирус) ичке көп кирип кетсе, анда «жалпы тревога» жарыяланат да, сезгенген жерди коргоо үчүн көптөгөн «аскер-клеткалар» жетип барышат. Коргоочу клеткалардын жаңылыштыгы эмнеге алып келет? Кээде биздин организмде ички башаламандык жаралат. Анткени ар бир орган жана клеткалар системасы улам жаңырып турат. Бул үчүн резервдеги клеткалар дамамат бөлүнүп турууга аргасыз. Андыктан дал ушул бөлүнүү учурунда жаңы клетканы атайын клеткалар тааныбай, кармап алышат. Мындай катачылыкты сырткы чөйрөнүн терс таасирлери (мисалы, күнгө көп күйүү) көбөйтүп жибериши мүмкүн.
Катачылыктын айынан клетка өлүшү же залалдуу клеткага айлана баштоосу мүмкүн. Кезектеги «текшерүүдө» залалдуу шишикке айланган клетка жок кылынат. +79261922485
#алоеверамосква#денсоолук#бады#кальций#иммунитет#
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев