Предыдущая публикация
Сансыз түйшүк чырмап алып түбөлүк
Сапырылган топон болду жандүйнөм,
Сапар карып, бараткандай түгөнүп.
Бурганакта калдым беле буулуккан,
Буруп тизгин, бек кармаган суулуктан.
Бугумду айтаар бурулушта бир жан жок,
Буркурадым, чырылдатып кууруп жан.
Арманымды чыгарып ак барактан,
Аалам сыйган аң сезимден адашкан.
Акыркы убак алаксытып өзүмдү,
Алып койчу болдум арак, шараптан.
Түш сыяктуу баары кээде сезилип,
Турмуштун оор, катаалына кезигип.
Түнү бою кирпик какпай таң атып,
Туталандым, ичтен сызып, эзилип.
20.10.2024 ТТ. Набережные Челны. Татарстан
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев