12- бөлүк
А Мырза үйлөнбөй көп жүрдү,тамаша оюн зооктон башы чыкпады.Бир күнү Жарнамалардан Айзанын ооруп калганын ага чоң суммадагы акча керек болуп жатканын угуп,өзүнчө башкача боло түштү.Айза аябай жакшы карачу эле Мырзаны,текебердик мүнөзүнөн улам Айзаны канчалык азаптаганын эстеп өзүнчө өкүндү да ичип отуруп жанындагы кыздарынын бирине: Эээй карачы мен мындай аялды такыр көргөн эмесмин,ошон үчүн да үйлөнбөйм,анткени алтындай аялды барктабай жүргөн жаным корком,эми кайтар дүйнө мени жазалап жаман аялга туш боломбу ?!- деп чочулайм деп улам токтоно албай ичип жатты.Ошол тармал чач кызга үйлөнүп акыры экөө жашап калды.Бир күнү алган экинчи аялы улам сүйлөнүп ,чалып алып карганып жатканда Мырза катуу кырсыктап оор абалда жатып калды.Ооруканага жеткирилип,ооруканага барганда,жеке нотариусун келүүсүн суранып,өзүндөгү болгон байлыгын Айзанын операциясына жумшалуусун суранып кол коюп көз жумду.Байлыгы үчүн тийген тармал чач аялы Мырзанын апасын карабай кетип калды.Кудайдын кудурети,тагдырдын өкүмү менен Айза операция болуп,Демир боорунан берип экөөнө операция жасалып,анын акчасын Мырза төлөп ,экөө тең аман калып,операция ийгиликтүү аяктап өз мекенине,өз үйлөрүнө кайтып келишип,балдарынын кучагында эми чыныгы бактылуу,канча сыноолорду бирге женишип,чыныгы сүйүү бекемделип жашап калышты.Айза менен Демир бир уулдуу болушуп,атын Бакыт деп коюшту.
Бул чыгарма менен мен эмнени айткым келет?! Чыныгы эркектин мүнөзүн чагылдыргым келди,анан дагы,аялга кандай жашоо керектигин,аялга кандай көңүл бурулуусу керектигин,эгер аялга жакшы көңүл бурулса аялда ошого татыктуу болуш үчүн канчалык аракет кылаарын,бул дүйнө кайтар дүйнө экенин,учурдагы сүйөм деген эркектердин кайдайы чындап сүйөөрүн тушундургум келди.Анткени учурда менде психологиялык сабакта билим алган аял,эркектерден улам ушундай чыгарма жазгым келди.Уй бүлөлөр эмне себептен бузулуу учурунда турганын тушундургум келди.Көпчүлүк,аял эркектер эмне үчүн көчөдөгү жат аял эркектен мээрим издеп жатышканын тушундургум келди.Келиниздер 5кундук өмүрдө бир бирибизге эң керектүү болгон моралдык колдоону биринчи көрсөтүп жашайлы,бир бирибизден мээримибизди аябайлы мусулман бир тууганым!
Бир дем менен мени мн бирге мен жазып шашылсам,сиздер окуп шашылганыныздарга рахмат!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев