КР ССМнын Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдиргендей, 10 800 доза вакцина өлкөгө өткөн жумада алып келинген жана учурда бардык аймактарга бөлүштүрүлдү.
Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот. Жакынкы убакта вакциналар Ош жана Баткен облустарына жеткирилет.
Moderna (мРНК-1273) ДССУ тарабынан колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы вакциналардын кайсынысын алгандан кийин болбосун бустердик доза катары колдонууга болот.
Эгерде баштапкы эмдөөдөн кийин 6 айдан ашык убакыт өтсө, бустердик дозаны биринчи мүмкүнчүлүктө алуу керек. Экинчи бустер дагы (4-доза) 4-6 айдан соң алынат.
Биринчи кезекте бустердик дозаны улгайган адамдар, медицина кызматкерлери, кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары бар жана иммунитети начар адамдар алууга тийиш.
Бул вакцина менен эмделүү анын компоненттеринин бирине оор аллергиялык реакциясы бар адамдарга каршы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Sinopharm (Кытай) вакцинасы дагы бар.
✅ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#бустер
#covid
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1