Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
- Ыраазымын жаным, менин тукумумду улар наристе төрөлсө мен өлбөйм, менин сакайганым, кылымдарга жашаганым ошол, мен өлбөйм! - деп ыйлай албай бозоруп Кермеканга жөлөнүп демиге дем алып, кубанычка туруштук бералбай жүрөгү оолугуп, төшүн тээп чыгып кетчүдөй лакылдап өзүн токтотууга дарманы жетпей турду.
Ал ошондон кийин төшөктө жатып калды. Кермеканды кыйналып калат деп апасы келип каралашып атты. Бара-бара Калыктын өйдө болоор дарманы калбай сулк эле жатат, эчтеке ичпейт, болгону бир-эки кашык сүттү оозуна кашык менен ичирип баладай багып жүргөндө жарыкка келчү уулунун үнүн угуп, жүзүн көрбөй кете берди. Кермекан ыйлап-сыктап калды, аргасы канча, Калыкты с