Предыдущая публикация
Ырлар жазсам ,каттар келет кубаттаган,
Ар кандай сөздөр жазат мактоо кылган.
Кээ бирөөлөр жаман көрүп сын айтышат,
Жазышат өз блогума жактырбастан.
Кээ бирөө колдоп жазат жакшы сөзүн,
Кээси бар кычыктанат тосуп бутун.
Негедир түшүнбөймүн адамдарга,
Аяйт го ооздон чыккан курук сөзүн.
Мейли айтса айта берсин,болбойм капа,
Жүрөккө кабыл алып тартпайм санаа .
Өмүрүм байланышкан ырлар менен,
Ойлоп жазып эргүү алам ырларымда.
17.08.2024.ж. Беловодск.
Автор :Каныбек Кыргызбаев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1