Жар-жар менен аттап бөлөк босого,
Кадам таштап барам жаңы жашоого.
Бир өмүрлүк жарым менен жанашып,
Бакытымды курам ошол жашоодо.
Ырысымды байлап алып сүйүүмө,
Ыйман нурун чачам күндө үйүмө.
Жакшылыктын кенчин бирге улаймын,
Шүгүр айтып өткөн ар бир күнүмө.
Мээрим менен жасап дайым ишимди,
Ак мээнетке жумшасам дейм күчүмдү,
Ар убакта кубантууга даярмын,
Мага бакыт тартуулаган кишимди.
Бирге коюп бир өмүрлүк кадамды,
Оңдоп түзөп турса менин катамды.
Түбөлүккө сүйүүгө мен даярмын,
Мени сүйгөн ошол жалгыз адамды.
Каталарын туура кылып кебимдин,
Таянаарым болсо деймин өзүмдүн.
Жакшы бүлөө болуу үчүн тырышып,
Наамын алсам мен "бактылуу" келиндин.
Үйдүн ичин жаркыратам биликтей,
Жылуу сүйлөйм, болбогонго күйүкпөй.
Бакыт шамын өчүрбөстөн, улаймын,
Келиндик барк өсүүсү үчүн бийиктей.
Автор: Надира Токтобаева. 05/08/19. (Эргүүдөн)
Мындай таризде ыр жазып калам деп ойлободум эле. Эргүүмө карап жазып койдум😊🙃
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 28