Анткени ал сиздин көптөгөн ийгиликтерге жетүүңүздөн кур калтырат. Мына ошону менен биргеликте эртели - кеч дайыма Жараткан Алланы эстеп, ( зикр) кылыңыз жана Пайгамбарыбыз Мухаммад ( С.А.В) га да күн сайын салават айтууну унутпаңыз. Мына ошондо ар бир жакшы иш - аракеттериңизди ийгилик коштоп, кайгы - кападан арылып , ички дүйнөңүздө жылуулук пайда болот. Мына ошентип , Жараткан берген жанагы жылуулук аркылуу ыракатка бөлөнө баштайсыз.
Айбандардан өзгөчөлөп, акыл-эс берген,
Жакшылык иш кылсаң , эселеп берген.
Опол тоодой күнөөлөрдү кылсак да,
Мээрими менен баарын кечирем деген.
Мактасак , мактообуздун чеги жетпеген,
Кайгыртып эч бир жанга зулум бербеген.
Айтаарым, ушундай бир аят келген,
Мени эстегиле,мен да силерди эстейм деген.
Оо, тууганым! каалаганыңызды кылсаңыз да,
Ал эмес! миллиардер болуп жашасаңыз да,
Кандайдыр бир нерсе жетишпегенсип ,
Дагы эле жан дүйнөңүз болот караңкылыкта.
Тынчтык издеп ар ким ар тарапта,
Эгер сезсе , барбайт эле ал тарапка.
Жаратканды эстеңиз, ашкере да купуяда,
Ыракатты сезесиз мына ушул жакта.
Автор : Турсуматов Мыктыбек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев