Ушундай бир иңсандар бар , аларга биздин бул дүйнөдө кылып жаткан иштерибиз , деги эле кандай гана кыймыл аракеттерибиз болбосун, куудум биз жаш баладай оюнчуктар менен ойноп жаткандай көрүнөбүз. Анткени биздин деңгээл чындап эле ошондой , бирок биз аны көрө да , сезе да албайбыз . Эми , эмне үчүн сезе албайбыз ? Себеби толтура , кээ бирин айта кетейли: биздин жан дүйнөбүз толугу менен тазалана элек, биз жашоодо ким экендигибизди да жатыгы менен биле элекпиз, эң негизгилеринен биз өзүбүздү толук таанышыбыз заарыл .
Өзүбүздү толук ким экендигибизди таанымайын , башка нерселерди толугу менен таануу тээ ар жакта тура берсин! Мына ошондуктан оңолууну , терс жактарыбызды теске салууну , койчу! Кандай эле жаман жактарыбыз болбосун , өзүбүздөн баштообуз керек. Сиз , бирөөнү " мына ушул ишти кыл " ! - деп айтаардан мурда өзүңүзгө би- ир көңүл буруп көрүңүз !
Автор : Турсуматов Мыктыбек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев