Аймактык төрөт үйлөрүнүн кызматкерлери ара төрөлгөн ымыркайларга жардам берүүнүн жаңы технологияларын үйрөнүшүүдө
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы жылдары ымыркайлардын өлүмү жыл сайын 4,5%га туруктуу төмөндөөдө.
Мындай тенденцияга төрөт үйлөрүндөгү неонатологдордун жана медайымдардын квалификациясын жогорулатуу негизги салым кошууда. Ага бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясы тарабынан “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен системалуу түрдө жүргүзүлүп жаткан иштер дагы себеп болууда.
Бул жылы Бишкек жана Ош шаарларында жаңы төрөлгөн ымыркайларды баштапкы реанимациялоо, дени сак, оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайларды багуу боюнча окуу семинарлар өттү. Аны АКШдан келген алдыңкы мастер-тренерлер өткөрүштү.
"Биздин фонд дарыгерлерди, медайымдарды, социалдык кызматкерлерди бүткүл өлкө боюнча медициналык жана социалдык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча көптөгөн программаларды ишке ашырат", – деди Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун директору Дмитрий Цай.
Региондордо биз үч багыт боюнча алдыңкы окуу материалдарын колдонуу менен билим берүү иш-чараларын активдүү колдоп жатабыз. Аларга “Неонаталдык реанимация”, “Жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүү” жана “Балдарга негизги кам көрүү” деген ткомпоненттер кирет. Биз билим берүү системасы жаңы технологияларга дайыма эле үлгүрө бербешин түшүнөбүз. Ошондуктан медициналык окуу жайлар менен активдүү иштешип жатабыз. Ушул убакка чейин өлкөнүн 11 медициналык колледжинин 145 мугалими теориялык билимге жана практикалык тажрыйбага ээ болушту, - деди ал.
Дмитрий Цай ошондой эле быйыл аймактарда окутуу жаңы техника менен иштөө көндүмдөрүн камтыган жаңыланган программа боюнча жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Аталган билим берүү практикасынын катышуучусу өзүнүн таасири менен бөлүштү:
“Биз дээрлик күн сайын жаңы төрөлгөн балдардын, айрыкча, ара төрөлгөн балдардын дем алуу органдарынын көйгөйлөрүнө туш болобуз. Тренингдердин жүрүшүндө СИПАП жабдыктары жана СИПАП-терапиясы менен иштөөнү үйрөнөбүз. Анын аркасында ара төрөлгөн балдар аман калышат. Ар бир неонатолог, ар бир неонаталдык медайым бул жерде үйрөнгөн нерсени төрөт үйүндө кайталай алуусу, жашоого мүмкүнчүлүгү жок болгон ымракайлардын жашап кетүүсү үчүн алган билимибизди бөлүшөбүз, - деп сөзүн жыйынтыктады медайым.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 1