Бир аял баласынын Куран жатташын каалайт, бирок өздөрү жашаган айылда Куран жаттата турган устаз жок болот. Ошол себептен баласын Куран жаттасын деп алыскы айылга жөнөтөт. Бала кедей үй бүлөдөн болгондуктан, акчасы да дээрлик жок болчу. Куран жаттоону чын жүрөгүнөн эңсеген жигит алыскы айылга барса, балдардын саны көп болгондуктан орун толуп калган болот. Багы жокко дагы жок болдубу, айтор ойлогон ою орундалбай кайгырып айылына кайтат. Жолдо келе жатканда күн батып, кеч кирип калат. Бир аз эс алып алайын деп даракка жөлөнгөн бойдон уктап кетип түш көрөт, түшүндө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассаламды)ды көрүп, Куран жаттаганы алыскы айылга баргандыгын жана орун толуп калгандыгы үчүн мугалимдин кабыл албай койгондугун айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) балага: "Мугалимге кайтып бар да ага: Алланын элчиси (соллаллоху алайхи вассалам) айтты, мага Куран жаттатат экенсиз" - деп айт, дейт. Бала: "О, Алланын элчиси! Ал мугалим мага ишенбей койсо эмне кылам?" - дейт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): "Эгер сага ишенбечү болсо анда: "Топ-топ, жамаат-жамаат", болуп деген сөздү айт" - дейт. Ошол сөздү угаар замат бала уйкудан ойгонуп, жанагы мугалимдин үйүн карай жол алат. Жол жүрүп отуруп таңкы намаз учурунда мугалимдин үйүнө жетип, эшигин кагат. Мугалим эшигин ачып: "Кайра эмнеге келдиң?" - дейт. Жигит: "Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мага Куран жаттатышыңызга буйрук берди жана сизге: "Топ-топ, жамаат-жамаат" болуп деген сөздү жеткирип коюшумду айтты" - дейт. Жигиттин сөздөрүн уккан мугалим ыйлап жиберет жана аны сыйлап медресенин жакшы жеринен орун берет. Мугалимдин мындай кадамдарын толук түшүнө албаган жигит мугалимден: "Топ-топ, жамаат-жамаат" - деген сөздүн маанисин сурайт. Мугалим: "Түшүмдө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам)ды көрүп андан: "Куран жаттаган, Куран окуп үйрөнүп кайра башкаларга үйрөткөндөр бейишке кантип кирет?" - деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): "Куран ээлери "топ-топ, жамаат-жамаат" болуп бейишке киришет" - деп, жооп берди. Бул сөз төмөнкү аятка дал келет:
" وَسِيقَ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ إِلَى الْجَنَّةِ زُمَرًا ۖ ".
"Раббисинен коркуп такыба болгондор, бейишке топ-топ, жамаат-жамаат болуп киргизилет", Зумар сүрөсү 73 чү аят.
Аллахым бардыгыбызды такыбалардын катарынан кылып, бейишке топ-топ, жамаат-жамаат болуп кирүүчүлөрдөн кылсын. Амин!
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 50