Бир баатыр болуптур, жоо келсе арстандай тийген, кармаганын канын ичкен. Бирок аялына эч бир каяша айтпаптыр. Аялы да ээ-жаа бербеген, сабап да жиберген неме экен. Баатырдын мындай жоругун көрүп, ичтеринен сызып жүргөн туугандары кеңешип башка аял алып берели, бул жеңебизди көчүрүп жиберели дешип баатырдын үйүнө келишет. Келген туугандарын угуп бүтүп , баатыр айтты дейт «үч окуям бар. Айтайын, калганын өздөрүңөр чечкиле».
— Айт! — дейт туугандар.
— Бул жеңеңер бир байдын эрке, талтаң кызы эле. Алгач ирет той үстүндө көрдүм. Өзүнүн кыз узатуу тоюнда. Бара турган жери да тектүү тукум экен. Болочок күйөө да келишимдүү жигит. Кыз өтө көрктүү экен. Көрөөр замат жүрөгүм дирт этти. Адам кээде жете албасын билсе да, айга колун созот го, мен да ошондой болдум. Кайта-кайта карай бердим. Бир маалда көзүбүз тийишти. Бир маалда мага кайта кадалганын көрдүм. Бир аздан соң дагы карады. Сынап отургандай. Ойлонуп бир чечимге келдим. Жакын жеңеси аркылуу: «эгер, мен десе, баланча сайдын ичинде күтөм. Чыксын!» — деп салам айттым. Сайдын ичинде кош аттын жалын кучактап туруп, Алладан эмне тилебедим десеңчи. Эгер колум жетсе, өмүр бою аярлап өтүүгө, үстүнөнн катын албоого ант бердим. Бир кезде чөптүн шыбыры угулуп, күткөн сүйгөнүмдүн маңдайы жарк эте калды... Жеңесин ошл жерде калтырып, экөөбүз атка секирип миндик. Мени толук билбесе да, ишенип, ата-энесин, болочок келин болуп түшөөр журтун жер каратып, этегимен кармаган ошол эрдигин унута албаймын. Биринчи окуям — ушул!
— Экинчисин айт!
— Мунун шойкоңдуулугун койдуруу үчүн мен эмне гана кылган жокмун. Жай эскертип көрдүм. Болбоду. Далай ирет камчынын астына алып, борукканча сабадым. Койбоду. Бир күнү керегеге асып коюп, астына от жаккыздым. Чырылдап кечирим сураар дегем. Кайдагы... Үйдү айланып жүгүрүп жүргөн инилеримен салам айтып жибериптир «тиги агаларыңа айткыла, "баланчасы" бышты, келип жесин...». Ошондон кийин сүт менен бүткөн мүнөздүн сөөк менен кетээрин уктум. Менин азыр ага унчукпасымдын себеби — ошол.
— Үчүнчү...
— Жеңелериңдин мүнөзү чатак экени ырас, бирок жатыны — алтын. Алты уул төрөп берди. Азыр, алар, Кудайга шүгүр, алты бөрүгө айланды. Эртерек кыймылдасам эч нерсе болбос эле, эми картайганда энелеринин үстүнөн катын алып жатсам, алты айыл болуп отурган алар эмне деп ойлошот? Мен айтаарымды айттым.Калганын өзүңөр чечкиле!
Туугандар үнсүз отуруп калышты. Босогодо кымыз сапырып, үнсүз сөз тыңдап отурган катыны айтты дейт:
— Ай, баатыр-ай, бир катындын эркелигин көтөрө албай, ажат ачаар сөз кылган ушуларга сөз коротуп отурган сенде да мээ жок экен...
Туугандар жеңелерине айып төлөп, араң кутулган экен....
Интернеттен алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев