Кут болсун тосуп алган элүү жашың,
Ар убак аман болуп алтын башың.
Жылуулук дайым чачып үйүбүзгө,
Ардагым бүркөлбөсүн кабак кашың.
Аман бол барыбыздын бактыбызга,
Себебекер болуп биздин жакшыбызга.
Гүл сүйгөн гүлдөй назик үлбүрөгүм,
Чынында сен барынан жакшысыңда.
Кудайым кошкон менин өмүрлөшүм,
Жылуулук берип дайым көңүлдөсүң.
Турмуштун оор жүктөрүн бирге тартып,
Нур чачып жүрөгүмдүн төрүндөсүң.
Маанайың шаңга толуп жаркырасын,
Кут берип кирип келген элүү жашың.
Тилегеним узун - узун өмүр сүргүн,
Мөмөлөп түшүм берип бакыт шагың.
Автор: Рустомбек Шерматов.
Хабаровск шаары.
28.01.2025 - жыл.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2