Баткан күндүн билем кайра чыгаарын,
Жакшылыкты күндө тилеп турамын.
Жашообуздун мыкты болсун күндөрү,
Периштедей болгон менин ынагым.
Сүйөөрүм да күйөөрүм да өзүңсүң ,
Дүйнө таанып карап турган көзүмсүң .
Апакемдей мага мээрим бересиң,
Аруулугуң сыйлап жүрөм өзүңдүн.
Элүү жашка барып калган убагың,
Өчүрбөстөн үйүбүздүн чырагын.
Дале мага гүлдөй болуп турасың,
Жакшы гана сөздөр уксун кулагың .
Өмүрлөшүм кудай кошкон ардагым,
Ийгилике көздөй мени арбадың.
Жашообузга багыт берип туруучу,
Жанып турсун ыйман нуруң ар дайым.
Автор:Рустомбек Шерматов.
Хабаровск шаары.
25.01.2025 - жыл.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2