Предыдущая публикация
Ташта калды элесиңиз кадалып,
Унутпастан апа сизди жүрөбүз.
Айлар өттү күндөр күнгө саналып.
Сизсиз мына аябастан жүдөөбүз.
Тагдыр экен алып кетти өмүрдөн,
Көз жашыбыз агып кайра кургады.
Элесиңиз калды нурлуу көрүнгөн,
Дем күч берип турат бизе бу дагы.
Жайлуу болсун апа жаткан жериңиз,
Фирдаустан кенен орун алыңыз.
Жай башына бүгүн келдик, сезиңиз,
Куран окуп багыштадык баарыбыз.
Автор: Рустамбек Шерматов.
Москва шаары.
' Поэзия Ордосу ' көркөм - адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
11.05.2021 - жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11