♦️ Көңүлүңүз санаага батып кеткен убакта капа болуп, кайгыны чакырбаңыз.
Анткени, кайгы жанды алсыздантып, көңүлдү караңгылыкка камайт.
♦️Кыйындыкты башка салган катаал күндөрүңүздү, жараткандын жакшылыктын жолун ачуу үчүн, берген сыноосу деп, билиңиз.
Себеби, кыйын күн баштан өтпөсө, кыска жашоонун кымбаттыгын сезе алмак эмеспиз.
♦️Бир секуддагы айтылган сөз, жан дүйнөңдү жараласа, аны жүрөккө жакын алып, санаага сабылыштын кажети жок. Жаман сөздү жөн гана көңүлдүн сыртына калтырыңыз. Жан - дүйнөңүзгө камап бакпаңыз. Жаман энергия жүрөктү жабыратып, жүрөктүн огу жок жараат алышыңызга жол ачат.
♦️Бир ооз жакшы сөз көңүлдү алып учуп, асманга көкөлөтсө, бир ооз жаман сөз буттан тартып, жер менен жексен кылат.
Андыктан, жүрөктөн чыккан жакшы сөздөргө гана көңүлүбүз байысын.
♦️Бир муштум жүрөк бирдей согуп, бирдей көлөмгө ээ болгону менен, жашоодо жакшысына кошулуп, жаман да сөздөр жүрөктөн чыгып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, турмуштун ар кандай кырдаалына көңүлдү түздөп, даяр туруңуз. Көөдөнүнө кир топтобогон адам - эң жакшы адам экенин унутпаңыз.
♦️ Жаныңызды аяңыз, аярлаңыз. Сиздин барыңыз - ата -энеңиз үчүн жарык нур, жакыныңыз үчүн кубаныч, жарыңыз үчүн - бакыт, балдарыңыз үчүн - байлык экенин эске алып, шүгүр кылыңыз.
♦️Жашооңуз жаз, өмүрүңүз гүл,көңүлүңүз көктөм болсун!
Сиз эң жакшы адамсыз, ар дайым достугумда жакшылыгыңызды бөлүшүп, жарыгыңызды таратып бар болуңуз!Орокбаева
( жашоо сабактарынан бир бүркүм)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев