Ал кезде студент элем. Америкадан келген туристтерге котормочу болуп базар айланып жүрөбүз. Туристтин бири аял киши, ал эми экинчиси эркек киши болчу. Аял киши улуттук кийимдерибизге кызыгып суроого тартып калды. Аны менен болуп берки экинчисин жоготуп алдым. Ылдый жакта бешик саткан жерде адамдар чогулуп каткырып жатыптыр. Барсам менин туристим. Карасам кадимки бешиктин уул балага колдонуучу ШИМЕГИН сигарет чегүүчү трубка деп ойлоп оозуна салып алыптыр. Кокуй ташта-деп таштаттым да, берки аял шериги келгенге чейин түшүндүрүп бердим. Ошону менен калаар деп отурсам мага келип: "Идрис ушул бешикти мага да жасатса болобу?" - дегенин унутпайм ☺️😁
Азыркылар дээрлик балдарына буларды колдонбой калды. Бирок жаш балдарга ПАМПЕРС кийдирип, коомго оорукчан балдарды өстүрүп жатабыз. Памперсти тагып коюп, таң атканга чейин чечпей койгондорун кантесин...
КАГЫЛАЙЫН КЕЛИНДЕР,
памперске кеткен акчага ползынка шымдарды, жалайыкты көп кылып сатып алгыла. Булгаган сайын алмаштырып кийдире бергиле. Ансыз деле силер жуубайсыңар, КИР-МАШЫНА жууп жатпайбы...
Идрис Айитбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев