Урматтуу мекендештер, достор!
Ажобуз бийлик башына шайланаары менен эң көйгөйлүү биринчи орунда турган орчундуу маселе "Коррупция жана кылмыштуулукка" аёосуз күрөш жарыялап, тийиштүү органдарга катуу тапшырманы берди.
2021-ж. июнь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши АДС түзүлгөн. Бул АДСке Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокурор, министрлер, илимий чөйрө, ишкерлер жана жарандык коомдон 5 киши Президенттин жарлыгы менен бекигенбиз.
Үч жыл бою АДСке жүктөлгөн милдеттерди АДСтин башкы катчысы урматтуу Муканова Нурипа Аалиевна толук аткара алды, баардык тармак менен тыгыз кызматташып келет, ынтымакта баарыбызды бир аянтчага бириктирип, сунуш жана пикирлерди талкуулап, алгылыктуу иштерди жасадык, жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин төрагасы урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевич кол койгон 2025-2030-ж.ж. Коррупцияга каршы аракеттенүү стратегия жана аны ишке ашыруучу иш планга жарандык коомдун сунуш жана пикирлери кошо камтылды. Ошондой эле ар тармактагы көйгөйлөр ар бир АДСтин жыйындарында талкууланып, тийиштүү органдарга жиберилип турду.
АДСтин ишин алдыга жылдырууга, биз жарандык коомдун өкүлдөрү зор салым кошо алдык десем жаңылбайм.
Соцтармактарда АДСтин ишине жарандар жакшы баасын берип жатышат.
Мен АДСтин мүчөсү катарына, өзүм жетектеп турган Элдин көзөмөлү-Народный Надзор коомунун активдүү мүчөлөрү менен биргеликте АДСтин катчылыгы менен жарандык уюмдардын лидерлеринин ортосундагы кол коюлган меморандумдундун жана алгоритмдин алкагында мамлекеттик органдардын коррупция менен күрөшүү жана алдын алуудагы ишмердүүлүгүн мониторинг, талдоо жана байкоо жүргүзүү иштерин жасап келе жатабыз.
2022-ж. Жол коопсуздугу жана айып пулдар боюнча АДСтин башкы катчысы Нурипа Муканованын буйругунун алкагында түзүлгөн жумушчу топту жетектеп КР ИИМ Жол коопсуздугу боюнча кызматкерлери жана КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин соттук аткаруучулар кызматтын соттук аткаруулардын ишине мониторинг, анализ жана байкоо иштеринин жүргүзүп, бардык облустарга чейин барып, жергиликтүү жетекчилер жана активисттер менен биргеликте бир нече тегерек стол жана жыйындарды өткөрүп, көйгөй, сунуш жана пикирлерди угуп келгенбиз.
Жыйынтыгында АДСтин кезектеги жыйнында биз баяндаган, анализ жана
сунуштар катышуучулары тарабынан баарын эске алуу менен резолюция кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга АДСтин башкы катчысы тарабынан жиберилген. Айып пулдардын пеня алынып салганы, бул биздин сунуш десек болот.
Былтыр 2023-ж. дагы АДСтин башкы катчысы менен макулдашылган иш-план жана алгоритмдин алкагында жумушчу топ Сот жана укук коргоо органдарынын ишине мониторинг, анализ жана байкоо иштеринин жүргүзүп, бардык облустук сотторго чейин барып, жеринде соттун төрагалары менен жолугушуп, жергиликтүү активисттерден турган жумушчу топ түзүп, тийиштүү тапшырманы берип, ар бир облустук соттордо жана Бишкек шаарындагы соттук отурумдарга байкоо салынган, баардык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маалыматын, сунушун жана пикирлерин бир жерге топтоп, ийгиликтүү жыйынтыктап, АДСтин кезектеги жыйнында баяндаганбыз.
Тийиштүү катышып жаткан Сот, Прокуратура жана мамлекеттик органдардын жана жумушчу топтун аныкталган көйгөй, сунуштары жана пикирлери эске алуу менен резолюция кабыл алынып, АДСтин башкы катчысы тарабынан тийиштүү органдарга жиберилген. Азыр учурда соттук отурумдар онлайн болушу керек деген демилге, биз берген сунуш десек болот.
Быйыл дагы АДСтин башкы катчысы менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасында 2023-2025-жылдарга коррупциянын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын бекитүү жөнүндө бекитилген иш чаралардын аткарылышына, ишке ашуусуна жана алып барып жаткан иштерине мониторинг, талдоо, анализ жана байкоо салуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, иштелип чыккан иш план, жумушчу топтун курамы жана жумушчу топтун иштөө графиги бекитилип, макулдашылган иш-план жана алгоритмдин алкагында жумушчу топту жетектеп ийгиликтүү иш алып барып жатабыз.
Уч жылдан бери биз жүргүзүп жаткан мониторинг, талдоо, анализ жана байкоо иштеринде чыныгы иш билги, ишине так жана чын дили менен иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерди жана жарандык активисттерди байкай алдык.
Ушул үч жылдын ичинде өкмөт тараптан каржылык жардам албай иштеп келебиз, бирок бир топ мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун сыйлыгына татыктуу болдук, АДСтин башкы катчысы тарабынан Ардак грамотасы жана Антикоррупциянын отличниги сыйлыгы менен сыйландым, мага ар тараптуу колдоо көрсөтүп, тыгыз иштешип жүргөн активисттер дагы АДСтин жана башка мамлеккеттик органдардын сыйлыктары менен сыйланышты. Менин сунушум менен өз ишине так, чын дили менен иштеп жаткан, таза мамлекеттик кызмат адамдары дагы АДСтин башкы катчысынын жана Мамлекеттик органдардын сыйлыктары менен сыйланышууда. Биздин эмгекти баалап ар дайым сыйланган Мамлекеттик органдардын жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз, бизди маалымат жактап колдоп жүргөн Массалык маалымат өкүлдөрүнө алкыш айтабыз!
Мен коомдук уюмдун төрагасы катары жана ишмердүүлүгүмө байланыштуу ар дайым жарандарды кабыл алып, колумдан келишинче юридикалык кеңешимди жана жардамымды берип келем.
КР Президентинин жерлерди иретке салып, мыйзамдуу чечүү максатында жарыяланган мунапысынын алкагында жана менин дарегиме бир нече жарандардын кайрылууларынын негизинде жергиликтүү бийликтин жана жер комиссиялалырын иштерине мониторинг жүргүзүүнүн үстүндө иш алып баруудамын.
Ошондой эле былтыр сентябрь айында Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандатуу округунан шайланып, КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген, урматтуу Самаков Кубанычбек Карганбекович менен коомдук башталышта, кеңешчиси катарында иш алып баруудамын. Депутатка жарандар көп кайрылууда, ал жарандарга тийиштүү кеңештерди берип, ар тараптуу көмөк берип келүүдөмүн. Кыргызстанда жаш балдарга жана аялдарга зордук жана зомбулук токтобой келет, бул актуулдуу маселени депутат менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнүн үстүндө дагы иш алып баруудамын.
Кудайымдын буюругу менен, элибиздин көпчүлүгүнүн колдоосу менен бизге татыктуу, элин ойлогон, өз ишине так, ар бир иштин көзүн билген, төрт жылдан бери тынымсыз иштеп жаткан Ажобузду бергенине шүгүр жана тобо кылабыз!
Ажобуздун ар бир демилгесин, тапшырмаларын татыктуу ишке ашырып жаткан Мамлекеттик органдардын жетекчилерине дагы алкыш айтабыз!
Коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында өлкө казынасына уурдалган, тонолгон, мыйзамсыз кетип калган каражат жана мүлктөр артка кайтарылды.
Мамлекеттик органдарда реформалар ийгиликтүү жүрүүдө.
Экономика өсүү менен, жолдор, имараттар, үйлөр, мектеп, бала-бакчалалар жана башка бир топ санап бүткүз иштер болууда!
Аллахымдын буйругу менен, Ажобуздун чын жүрөгү менен алып барып жаткан ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстан чукул арада өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киребиз, курал жарагы күчтүү, туризм өнүккөн, экомикабыз алдыга кеткен мамлекет болобуз!
Элибиз биримдикте, ынтымак менен Ажобуздун саясатын колдоп, ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошуп турсак эле, бизге дүйнө эли суктанып, көп туристтер келип, Кыргызстан кылымды карыта дүйнөгө таанылып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарында, кошуналар менен достукта бар бололу!
Биздин спорт балбандары ийгиликтүү жеңиштер менен келишти, намысты талашып, дүйнөлүк аренада татыктуу ордубузду көрсөтүп коюшту, балбандарга алкыш айтабыз! Ажобуз тарабынан берилген сыйлыктары менен куттуктайбыз! Элибиздин ак батасын алып, бар болгула Кыргыз кыраандары!
Бизди ар дайым колдоп, жылуу кебин айтып, Мамлекет үчүн, Ажобуздун саясатын колдоп, сүрөп, каражаттын жоктугуна карабай тыным албай иштеп жаткан КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Аалиевнага терең ыраазычылык билдиребиз, КР Президенти урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевич тарабынан эмгеги бааланып Жогорку мамлекеттик сыйлык менен сыйланат деп ишенебиз!
https://www.instagram.com/reel/DAuuJ99NpO6/?igsh=MW90eHlvcjNueGJ5bQ== https://www.instagram.com/reel/DAuuJ99NpO6/?igsh=MW90eHlvcjNueGJ5bQ
https://www.youtube.com/live/JT4R0xx1DYc?si=YgOhQbmWvGXOv8pr
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев