Жери кооз ,абасы сонун таптаза
Кенеш айылым озголордон башкача
Пейли кенен,ынтымактуу элимди
Жаратканым суук коздон сактаса
Жайлоосунда кулун ,бээси байланган
Кырларында шибер чобу жайкалган
Кандай сонун керемет айыл ичи
Короосунда торт тулугу жайнаган
Адырында гулкайырлар кулпурат
Гулун ачып ,жийде жыты буркурап
Сай жээгинде чычырканак салаалап
Дайра суусу атырылып,жулкунат
Талаа жайнап чукурусу,чырышы
Тоо койнунда кымыздыгы .ышкыны
Ден соолукка даары болгон кымызы
Биздин байлык,Элибиздин ырысы
Бейиш сындуу керемет айыл жери
Ырыскылуу,меймандос Кенеш эли
Тушумго бай,отунга бай ,сууга бай
Суктанаарлык ,жаратылган жердин кени
Айылдын чок ортосу кооз мечит
Насаат угуп ,намаз окуйт Элдер келип
Ыйман толгон журогу ар биринин
Шугур кылып ийилишет Аллах дешип
Жигиттердин журогундо жалы бар
Кыздарыбыз ,уялынкы, назы бар
Ак элечек,ак калпакчан жайдары
Ар Бир уйдо ырыскылуу кары бар.
Мейман келсе кучак жайып тособуз
Туркун даамды жайнатып биз коебуз
Созолонтуп Ырыспайдын ырларын
Мына ушундай сонун Элден болобуз!
авт.Жороева Адалат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1