СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ.
Жакындан бери "Шеф" деген сөзүн көп угуп жүргөндүктөн, чындап эле ошол "шефти" көргүм келди. Анданда күндөрүм окшош болуп жаткандыктан, мындай жашоо жанга тие баштаган эле.
------'Мен макулмун. Мен колумдагы ручканы чарк-чурк эте баскылап, Болотко карадым. Ал дагы негедир менин жүзүмө бир саамга тигилип олтурду.
--------'Сен сулуусун акылдуусуң күчтүүсүң. Сенде баары бар. Бирок муздаксың. Жүрөгү жоок адамдайсың.
Мен унчукпадым. Мен Болоттун сөзүнө кошулбайт элем. Себеби менин сол жагымда күрсүлдөп согуп турган жүрөк, дүйнөдөгү эң назик жүрөк болчу. Ал жүрөк өмүр бою мээрим сүйүү издеп жүргөн.
-----------------Мына акча. Эгер убактың болуп, дүкөн айланып калсаң өзүнө керектүү бир нерселерди аларсың.
Болот мага бир тутам кызыл орус акчаны берди.
-----------Келчи эми кучагыма?
Ал ордунан туруп мен тарапка басты. Бирок ошол кезде бир киши эшикти такылдатып, баш багып калды. Аны көргөндө эле Болоттун маанайы түшүп, аны жактырбагандай карап калды.
-----------Сен кете берсең болот кечинде өзүм барамын. Сага билдирүү жөнөтөмүн. Кайсы жерде ким күтүп алышын. Москвадагы адамдар билет сенин рейсинди.
Ал столдо турган кара дипломатты мага сунду. Мен колумдагы акчаны сумкама салып столдогу билетти алдым. Болот сунган дипломатты колума кармап, сыртка чыгып кеттим.
Биз аялдар баары бир эркектердей эч нерсе көтөрбөй жолго чыга албайт эмеспизби. Мен дагы кичинекей көлөмдөгү спорттук сумкага бир эки сыйра көйнөк ич кийим жана бут кийимдеримди салдым. Башка элге бөтөн жерге бара жатканым үчүн толкунданып кубанып турдум. Түбөлүккө бул жерден кетким келди. Баарын унутуп жаңы жашоо баштагым келди. Ошол Москвада калып кетишти кыялданып алдым. Бирок Болоттон корктум. Бат эле күн батып кеч кире баштады. Бирок Болот мага коңгуроо кылган жоок. Мен өзүм деле чалгым келбеди. Ал мага аябай эле оору тартуулаган эле убагында. Көңүлүм муздап калгансыды. <<<<<КАНА ЭЛЕ ОШОЛ МОСКВАДА КАЛЫП КЕТСЕМ>>>>> деп кыялданып алдым.
Аэропортко келип Ош-Москва каттамы боюнча каттоо бөлүмүн оңой эле таптым. Катар-катар тизилген элдердин көптүгүнөн баш айланат экен. Колумда жүгүм аз болгондуктан, колунда алты-жети айлык баласын,майда чүйдө сумка көтөргөн жаш келинге жардам берип, экөөбүз кезексиз эле каттоодон өттүк. Колума кучактай кармаган жаш баланы мойнунан жыттап жыттап алдым. Ичкери киргенде:
------------Канча айлык болду? Апасынан кызыга сурадым. Уул окшойт ее?
---------------Жоок уулга окшош кыз. Сегиз айлык болду.
Мага күлмүңдөй караган жаш келин колундагы жүз арчысы менен кызынын шилекейин арчып жатты.
------------'Аты ким бул кичинекей периштенин?
Мен ушул куракка чейин балалуу болбогонума өкүнүп кеттим.
------------Атыбыз Акинай. Келин кызынын быйтыйган колдорунан назик өөп алды.
-----------Атаңар күтүп жатат экенда ээ Москвада?
Сен эми орус болосуңбу? Мен бөбөктү эркелете сүйлөдүм. Ал астындагы төрт кашка тишин көргөзүп, менин сөзүмдү түшүнгөнсүп, щынгыр күлкүсү менен үн чыгара күлдү. Мен андан сайын элжиреп кызды кучактадым.
----------Атабыз москвада эле...... Башкага үйлөнүп алыптыр. ....Жаш келин мага ишендиби, айтор ичиндеги сырлары менен бөлүшө кетти.
----Бул экинчи кызыбыз. Чоон кызымды кайненем алып калды. Өзүмдүн апам москвада. Кызыңды түндөсү мен карасам өзүн иштейсин деп чакырып жатат... Келин ыйламсырап сүйлөдү.
Мен анын ордуна өзүмдұ коюп көрүп жүрөгүм ооруп кетти. Эне үчүн бөбөгүн таштап чет жакка чыккан кандай оор болсо керек. Менин ушундай Акинайдай ширин кызым болгондо, бир минутагада таштабасам керек эле.
Бирок дагы ким билсин. Жашоо ушундай оорлошуп баратат. Аялдар деле балдарын жыргаганынан таштабайтда.
Өз ойлоорум менен алышып кетипмин. Кичинекей Акинайдын ыйлап жибергени мени чоочутту. Тынч олтурган эле кыз бирден чаян чаккандай бакырып ыйлап жибергенине өзүм да коркуп кеттим.
---------Кел мага эмне болду сага? Кичинекейим менин. Корктунбу бир нерседен? Менин жаным жашоом жұрөгұм.....Жаш келин кызын кучактап эркелете эзилип жатты.
------Кайнатам алтымышка (60) чыгып калган. Дагы эле ичет. Анысы аз келгенсип бизди үйдөн кууп чыгат. Бул кызым коркуп калыптыр. Жүрөгүн көтөртсөм да болбоду. Ушинтип өзүнөн өзү ыйлап жибере турган адат чыгарып алды.
---------А сен ажырашсан деле ошолор менен жашап жүрдүнбү?
--------Кұйөөм үйлөнгөндөн бери эле келип кетип жүрчү. Бул кызым боюмда болгондо бир келди. Ошол бойдон келе элек. Менин талагымды кызым беш айлык болгондо телефондон эле берип койду. Кайненем оорукчан. <<<КЕТПЕ>>> деп жалдырады байкушум. Бирок өзүм туура албадым. Алты жашар кызымды ага эрмек болсун деп таштап кетип жатам. Билбейм эми менсиз байкуштар кантип жашашат.
Биздин сөзүбүз бүтүп-бүтпөй ""СЫРТТА АВТОБУС КҮТҮП ТУРАТ"" деп элдер козголо башташты. Мен кызыл түстөгү спорттук сумкамы желкеме илип, документтер салынган дипломатты бир колума, келиндин чооң сумкасын бир колума кармап, сыртка чыктык. Автобус бизди тез эле самолётко жеткирди.
Жаш келин экөөбүз тушма туш жайгашып калыптырбыз. Анын жанындагы жаш бала менен алмашып кайрадан жанаша олтуруп калдык.
Уландысын эртеге жазам. Көбүрөөк класс басып комментарий жазсанар.
#БашкаДүйнө
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев