СУР ЧАЛЫНЫШЫНЫН БАЯНЫ
Жан чыгаар абалдагы далбаса, акыбет коркунучуна толгонуулар тууралуу " Олумду эстоо китеби" аркылуу таныштык. Мына ушунчалык толгонуулар отту, пенде бул дуйнодон узулду. Эми аны кабыр кыйынчылыгы, денени кемируучу курт-кумурскалар, Мункар жана Накир периштелеринин сурактары, эгер Алланын азабына ылайык болсо, кабыр азабы жана анын коркунучтуу "кучагына алат".
Булардан да коркунучтуусу али алдыда, Сурдун чалынышы, денелерге кайрадан жан кирип, кабырдан чыгуу, бардык ишке кадыр Зат алдында ар бир кылган нерселер туурасында суралуу, ар бир олчомду эсепке алуучу амалдар таразасынын курулушу, кылдан ичке жана кылычтан откур Сирот копуросунон отуу, андан кийин бактылуулукка же бактысыздыкка жолдой турган окумдун добушун кутуулор бар.
Мына, абал ушул, бул кыйынчылыктардан кабардар бол, жана аларды чыныгы дилден тастыкта, ыйманына кымындай кумон сыноо аралашпасын! Ушул жонундо канчалык коп пикир кылсан, журогундо ал кунго даярдык корууго ундоочу себептер ошончолук артат.
Окунучтуу! Копчулук адамдардын акырет кунуно болгон ыйманы журокторунон жай албаган. Ошондуктан да алар жаздын ысыгы кыштын суугуна толук даярдык коргон абалда, соокторду эритип жибере турган тозок отуна, турдуу-тумон мусийбат(кыйынчылык) азаптардан болгон замхарир (тозок) сууктарына этибарсыз. Алардан акырет жонундо сурасаныз, тилдери буруу, журоктору болсо ток. Эгер биро жарымы аларга "алдындагы тамак ууланган" десе, ага "туура айттын досум" дейт да ал тамакка кол узатышат. Тилдери менен тастыктаган нерсени амалдары менен жалганга чыгарышат.
Сезгин! Амалдагы жалган, тилдеги жалганга караганда коркунучтуурак.
Пайгамбар алайхис салам айтты: " Алла Таала айтты: " Мени сокпоо милдет болуп туруп, Адам баласы мени сокту. Мени айыптады. Мени соккону: " Алланын баласы бар" дегени. Мени жалганга айыптаганы: " Алла башта жаратканы сыяктуу кайра жарата албайт" дегени" (Бухарийнин риваяты).
Кайра тирилуу, эсеп учун Махшар майданына топтолуу жонундо пикир жургузуу аз, ойлор томон, ишеничте кубат жок, тастыктоолор алсыз. Эгер тируу жанзаттын туулушун омурундо корбогон адамга: " Жонокой, арзыбаган бир уруктан сен коруп турган мына ушул толук акыйкатка кумон саноо менен карайт.
АЛЛА ТААЛА айтты:
" Инсан Биз аны бир тамчы суудан (кан, кандан эт кылып, энесинин курсагында жан киргизип,) жаратканыбызды (ойлобойлубу,) корбойбу?! Эми болсо ал (дуйного келип, балагатка жетип, суйлоочу болгондо "олукту ким тирилтет?"-деп) ачык каршы чыгууда" ( Ясин суросу, 77-аят).
( "Олумдон сон" ...китебинен алынып жазылды)
Уландысы бар. . .
Калганын кийинки сабакта улантабыз Ин Шаа Аллах
🕌ИСЛАМ диний медиа порталы
катталыныздар⤵
WhatsAap.
+7 925-237-91-01
Ассалааму Алейкум уа рахматтуллохи ва баракатуху!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев