Капустанын ширеси
Жаңы үзүлгөн капустанын ширесинин пайдасы дары-дармектерден эки эсе күчтүү. Бир жарым ай бою күнүнө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда бир стакандан ичип жүрүү керек.
Грек жаңгагы
Ашказан жарасын айыктыруу үчүн грек жаңгагын чагып, сөөгү менен ортосундагы чел кабыгын чогултуңуз. Ал 1 стаканга толгон соң бөтөлкөгө салып, үстүнө таза арактан куюп бир жума күн тийбеген караңгы жерге коюп коюңуз. Бир жумадан соң тамактанарга 20 мүнөт калганда бир аш кашыктан бир күндө 3 жолу ичиңиз. Дарыланууну 1 кг жаңгактын кабыгы менен чел кабыгы түгөнгүчө созосуз.
Бака жалбырак
Бака жалбыракты чай, кофе жана суунун ордуна суусундук катары демдеп ичип дартыңызга даба табыңыз. Бул ыкманы 2 ай тынымсыз аткарган соң ооруканага барып бир текшерүүдөн өтүп көрүңүз. Натыйжа жакшы болорун элдик дарыгерлер белгилешет.
Чычырканактын майы
Чычырканактын майын бир ай толук күн сайын үч маал тамактанарга жарым саат калганда 1 чай кашыктан ичесиз. Биринчи ичкенде зарна болосуз. Бирок токтотуп койбой уланта берсеңиз, зарна менен катар ашказаныңыздагы илдет да жоголот. Чычырканактын майынын ордуна чычырканактын ширесин колдонсоңуз да болот.
Лимон менен бал аралашмасы
2 даана лимондун ширесине 500 мл зайтун майын жана жарым килограмм балды кошуп бирдей массага келгиче аралаштырасыз. Даяр болгон масса муздаткычта сакталуусу керек. 3 маал тамактанарга жарым саат калганда 1 аш кашыктан бир ай ичесиз. Бул ыкманы жылына 3 ирет жасасаңыз болот. Аталган ыкманы жасап жаткан маалда күнүгө 5-6 даана грек жаңгагын жеп туруу керек.
Картошканын ширеси
Гастрит жана ашказан жарасынан жабыркагандарга картошканын ширеси сунушталат. Бир картошканы сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алуу керек. Жарым стакан картошканын ширесине ошончолук өлчөмдөгү кайнап, муздаган суу кошуп аралаштырып, күнүгө тамактанарга 30-40 мүнөт калганда ач карын ичүү зарыл. Бул ыкма эки жума катары менен үзгүлтүксүз аткарылат.
Жумуртканын агы
Күнүгө эрте менен ач карын жана уктар алдында эки жумуртканын агын чалып ичиңиз. Бул ыкманы эки жума кайталоо керек.
Класс жана поделиться басыныз...
жоготпош учун.
#7
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев