:)) менен алдын ала макулдашылды. Кудай буюрса жай айларында "Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун алп саптары" аталышындагы айтыш өткөзсөкбү деп пландап жатабыз (так убактысы кошумча берилет).
Айтыш биздин Кара-Суу айыл аймагынын баш жагында, Сары-Челек көлүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан Кара-Камыш көлүнүн жээгинде өткөзүү пландалып жатат.
Бул көл көпчүлүккө белгилүү эмес, Кыргыз керемет көлдөрүнүн толук ачыла элек көлдөрүнө кирет.
Биздин Кара-Суу айыл аймагынын ачылбаган өтө чоң мүмкүнчүлүктөрүнүн бири.
Жайкы эс алууну жаратылыштын кооз, абасы таза, суусу тамак какшаткан, бүлдүркөн, кожогаты тамшандырган, кымызы суусун кандырган, балы (асел) тунук, даарылык касиети бар, сары май, сүт, сүзмө, курут деги эле экологиялык таза азыктардын мекенинде өткөрүүнү кааласаңыз, анда Кара-Суу аймагы сизди күтөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13