Кабар берген өңдүү кеткен катамдан,
куру калган болуп күндөн бата алган.
Алкап турчу сылап чачым дайыма,
айрылдым мен жаш кезимде атамдан.
Көрүнө бир калса көзгө карааның,
жарк дей түшчү жакшынакай жамалың.
Эзилемин, эңшерилем ичимден,
эми сурай албаймын же абалың.
Эсимде , сен айткан насаат сөздөрүң,
нурданган жүз, карагаттай көздөрүң.
Унуталбай жүрөм жылдар өтсө да,
сендей төккөн мээрим жанды көрбөдүм.
Балдарым же айтбайт сөздү:- Таята!.,
Неберелер кыйнайт дешип: - каякта?!.
Каңырыгым андай кезде миң түтөйт,
сөз табалбай, сүрөөм билем аятта!
Супсак күндөр өтүп сенсиз, катып жан,
арман үндөр ичке букту катырган.
Саргаямын сагынычтан , санаадан,
далай түндөр уйку көрбөй, атып таң.
Автор
Айнаш Исмаилова.
Бишкек.
9.03.2024.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев