Предыдущая публикация
Кайнатамын үйү турат айылымда,
Короо жайы турчу эле калыбында.
Кырк жашында кайними кырсык алып,
Караңгы түн каптап кирди башыбызга.
Бир убакта бапыраган базар эле,
Бул үй бүлөө ынтымакта жашаар эле.
Бала чака шаңга бөлөп короону,
Бак дарак да, тегиз гүлүн ачаар эле.
Жылы өтпөй кайнатам да өтүп кетти,
Жылдар өтүп жашоонун даамы кетти.
Жайнаган ушул үйдө эч ким калбай,
Жол боюнда жалгыз там турат эми.
Үйдү көрсөм, ырайымым келет менин,
Үн алышып сүйлөшкөнсүйт теректери.
Үн сөзү жок жалдыраган жалгыз там,
Үй бүлөөсүз канча жылдар турат эми.
Айнаш Исмаилова.
11.02.2022.
Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17
Бирөөгө тарттырдым.
Атаңардын үйү каралбай көчүп түшкөн деп.
Ал болгондо каяктан мындай болсун, ордолуу шаар болуп турбай беле.
Баары чет жака шаар тарапка кетип Кыргызстандын канчалаган айлында ушундай жалгыз тамдар көп калды
Ооба билем бирок ырга туура келиш үчүн ошентип жазып койдум.
Гулиза тынбай эле ошол үй түшүмө кирет дей берет.
Ошо биринчи ,,Жол боюнда жалгыз там деген ырды жазгандай кийин ушинтип аябай көп талкуулар болгонго менин дагы түшүмө кириптир атам. Мага нааразы болуп. Бирок көчөйүн деп эле калыптыр, кудай сактасын эми.
Гулиза тел менен сүйлөшө албайт.