Көп кездешүүчү урологиялык бул оору 20-50 жаштагы эркектерде болот. Ошентсе да 50 жаштан өткөн эркектердин арасында простатиттен жабыр тарткандар көп кездешет. Оорунун өнүгүшүнүн жана курчушунун күнөөкөрлөрү ар кандай факторлор болушу мүмкүн. Мисалы:Инфекция. Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби - инфекциялык оорулар. Мисалы, гонорея, хламидиоз, микоплазма жана башка ушул сыяктуу.Организмдин өтө муздап кетүүсү. Үшүү да простатиттин бир себеби. Ушуга байланыштуу тоо лыжасы, серфинг сыяктуу кышкы спорт оюндардын сүйүүчүлөрүнүн арасында простатитке чалдыккандар көп кездешет экен.Аз кыймыл. Аз кыймылдуу жашоо образында жүргөн эркектер да простатитке көп чалдыгышат. Өзгөчө шаардыктардын арасында машинадан - компьютерге, компьютерден – телевизордун маңдайындагы диванга... Ушундай “жыргал” жашоодо өмүр сүргөндөр көп. Мындан жамбаштын айланасындагы кан айлануу начарлап, простатиттин пайда болушуна жеткирет.Аягына чейин дарыланбаган оорулар. Бронхитти, ангинаны, гайморитти аягына чейин дарылабаса, булар простатиттин өнүгүшүнүн себепчиси болот. Анткени организмдеги оору пайда кылуучу бактериялар кан менен кошо сезгенүүнүн очогуна барып түшүшү мүмкүн.Стресс. Жаш кездеги спорт менен чегинен ашыкча машыгуу, уйкунун канбастыгы, туура эмес тамактануу, күнү-түнү тынбай иштөө адамдагы стрессти пайда кылат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 18
+79264938387 (вотсап) тан жазыныз