09.2024
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кара-Кулжа районунун аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү.
Кара-Кулжа районундагы мекеме-уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан жол бойлорундагы куураган чөптөрдү оруу, таштандыларды тазалоо, ички арыктарды тазалоо, бак-дарактарды актоо жана бутоо, мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин, билим берүү уюмдарынын айланасын иретке келтирүү иштери аткарылды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев