🌸 Карьера
Бир адам Майкрософт компаниясына короо шыпыргыч болуп иштөө үчүн келет. Кадырлап бөлүмүндө ал бир топ суроолорго жооп берип, ар кандай кагаздарды толтуруп, акыры ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Эң аягында ага:
-Сиз жумушка алындыныз. Бизге электрондук дарегиңизди таштап койунуз, жумушка качан чыгуу керектигин билдиребиз, -дейт.
- Менде электрондук адрес эмес компьютер да жок, - Дейт анда тигил адам.
- Анда биз сизди жумушка ала албайбыз. Себеби, интернет дүйнөсүндө эч кандай байланышыңыз, өзүңүздү тастыктаган маалыматтарыныз жок тура, - дейт тигилер.
Ошондо жумушка орношо албай калган киши эшике чыгат, жанында болгону он доллары калыптыр.
Ойлонуп олтуруп ал акчасына фермерден 10 кг помидор алып, үйлөрдү кыдырып сата баштайт. Эки саатын ичинде акчасы үч эсе көбөйөт, ал эми беш саатын ичинде капиталы 60 доллар болот.Мындай темп менен иштесе, жалданып иштөөнүн кереги жок экенин түшүнөт да, күндө эртең менен туруп, жаңы ишин берилүү менен аткара баштайт. Бир канча убакыттан кийин машина алат да, сатуу иши жеңилдеп, кирешеси артат. Дагы бир топ убакыттан кийин жүк ташуучу унаа сатып алат. Андан кийин дүкөн ачат, беш жылдан кийин супермаркеттер түйүнүн ээси болуп, ишин кепилдике алууну ойлойт. Сүйлөшүүлөрдөн кийин кепилдик агентствосунун агенти бардык келишимди тузуп, дагы жакшы сунуштар болсо билдирип туруу максатында электрондук адресин сурайт.
- Менин электрондук адресим тургай, компьютерим да жок, -дейт
берки бир канча жылкы жообун кайталап.
- Кандайча? Ушундай ири масштабдагы ишкер болуп туруп электрондук адресиниз жокпу? Эгер сиз электрондук адресиниз болгондо билесизби, кандай мүмкүнчүлүкторунуз болмок?!
Берки киши бир аз ойлонуп туруп:
- Анда мен Майкрософт компаниясынын короо шыпыргычы болмокмун, - деп жооп берет.
🔖 Кесиптин эң жакшысы -кишинин өз колу менен аткара турган иши жана адал соода. ХАДИС
🔖 Озгонун пикирин ук, бирок өзүңдүн пикиринен тайба. У.Шекспир
🧕🏻ТАКЫБА АЯЛ🧕🏻
📚 Турмуш Сабактары 1⃣
✍🏻 قندز تبشبي بنت
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев