Предыдущая публикация
Калп эле болгон үмүттөргө,
Калп болсо да күйүккөндө.
Камалып кайсы бир аралда,
Калаксыз сүзөмүн көлдө..
Кылыгы кызып күндөн-күнгө,
Кылгырат чарчап бүткөнүмдө.
Кыялы эркелеген жаш баладай,
Элеси эстен алып, келет түндө.
Кызыксам, ал кызыктырып…
Кызыкканым билип туруп..
Кысталак кеткен окшойт го,
Сүйүүнүн уусуна ууктуруп...
Сен деген менин секелегим,
Желбиреп сага жете элегим.
Катар басып катарлашып,
Келди эле менин жетелегим..
Аярым менин… Аяганым,
Мейли таарын, мейли сагын.
Кечирбес болсо да кылгандарым,
Эстеп жүр өзүңдү самаганым!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 132