Оорунун келип чыгуу себептери, тукум куучулук. Бул типке табиятынан ашказанында туз кислотасы көп бөлүнүп чыга тургандар кирет. Тактап айтканда, башка адамдарга салыштырмалуу туз кислотасы 2 эсе көп. Мындай адамдар тамактануу режимин сактап жүрүшпөсө, туз кислотасынын айынан жаранын пайда болуу коркунучу бар. Айта кетсек, 1 грамм пепсин (тамакты аш кылуучу фермент) менен туз кислотасы 50 килограмм этти эритүүчү касиетке ээ. Андыктан туз кислотасы көп болсо, пепсин экөө адамды кандай мүшкүлгө саларын элестете бериңиз.
Себепкерлердин бири Хеликобактер пилори бактериясы. Аталган бактерия организмге булганган суу, тамак аркылуу кириши мүмкүн. Алгач гастритти, кийин ашказан же он эки эли ичегинин жарасын пайда кылат. Бактерия адамдан адамга кол, шилекей, идиш-аяк, өбүшүү аркылуу жугат.Бактерия ашказанга кирген соң ал жерди байырлап, көбөйүп, ашказандагы 3 катар чел кабыкты "жеп", ууландырат. Мындай учурда туз кислотасынын ашказандын бетине түз тийүүсүнө жол ачылып, экөөнүн айынан ашказандын жарасы келип чыгат.
Дамамат капаланып-кайгыруулар нерв системасынын иштөөсүн бузуп, туз кислотасынын көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Мындай адат өнөкөткө айланса, анда жаранын келип чыгышы турган кеп. Өзгөчө ач карын кезде кайгылануу жаман. Анткени тамак жок кезде ашказандын чел кабыгы ачык болот да, көп бөлүнүп чыгып жаткан туз кислотасы чел кабыкты дүүлүктүрүп, акырындап жаранын пайда болушун шарттайт. Калган себепкерлер болуп кургак жана башаламан тамактануу, ашказан-ичеги жолдорунун өнөкөт оорулары(гастрит, панкреатит), дарылардын тескери таасирлери жана жаман адаттар (тамеки же насыбай тартуу, ичкилик ичүү) эсептелет. Белгилери : Зарына, көңүл айлануу, тамак ичкенден кийин оорутуу, коп кекируу!
Вотсап +7926 192 24 85 ватсап
8905 548 51 71 звонок
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев