Turmush - Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан премьер-министрге Кара-Көл шаарынын мэрин мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу сунушталды.
Бүгүн, 6-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мэрге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2-беренеси (КРнын жер мыйзамын бузуу) жана 179-беренеси (жерлерди мыйзамсыз каттоо) менен кылмыш иши козголду.
Белгилүү болгондой, 2011-жылдын 14-ноябрында М.К. тарабынан 1 миң 513 чарчы метр аянттагы жер тилкеси кафе куруу үчүн 15 жылдык мөөнөткө ижарага берип, ага жыл сайын 400 сомдон ижара акы төлөп туруу чечилген.
Ал учурда Кара-Көл шаардык кеңешинин чечими менен 1 чарчы метрдин ижара акысы айына 14 сом 40 тыйын деп бекитилген.
Мэрдин мындай аракетинин кесепетинен мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 85