Сентябрь айынын биринчи жекшембиси нефтичилердин майрамы катары белгиленип келет. Мунайчылардын шаары аталган Кочкор-Ата эли, мурунку жылдары аталган майрамды жогорку денгээлде өткөрүп келген. Быйыл пандемияга байланышту майрамды белгилөө күнү кийинкиге жылдырылган болчу. Бүгүн кырдаалга байланышту башкармалыктарда чакан жыйындар болуп, куттуктоо сөздөр айтылып, жыл ичинде ак эмгеги, өрнөктүү жумушу, кесипкөйлүгү менен айырмаланган нефтичилерге "Эмгек синирген" аталышындагы медаль тапшырылды. Ошондой эле "Мыкты нефтичи" аталышындагы төш белги ыйгарылды.
Майрамды утурлай Жогорку кеңештин, Кыргыз өкмөтүнүн, мүлк фондусунун, облустук жана райондук бийликтин, Кочкор-Ата шаарынын жана башка тараптардан келген ардак граматалар көп жылдардан бери иштеген кесипкөй адистерге тапшырылды. Ошондой эле акчалай сыйлыктар менен дагы сыйланышты.
"Кыргызнефатегаз" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов баардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жумуштарына ийгилик каалап өттү. Нефтичилердин каарман эмгеги өлкөнүн казынасын толтуруп, мамлекеттин өнүгүүсүн шарттайт деп белгиледи. Нефтичилердин ак эмгеги татыктуу бааланууга тийиш экенен айтып өттү.
Буга чейин медаль тапшырылган эмес. Быйыл Рашит Бостоновдун демилгеси менен уюштурулип, 5 даана медель жана 9 даана төш белги жумушчуларга тапшырылды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев