Айтып салсам арылдым деп сүйүүдөн,
Күн таарынып, башын катты тийүүдөн.
Калемим да каршылыгын көрсөтүп,
Кетенчиктейт башка тема чийүүдөн.
Жан-дүйнөмчү, жарты болуп калгандай,
Жарытылуу кеп -сөз чыкпай, бул кандай?!
Ууртум күлкү изин чанып, мостоёт,
Күлө берип, чаалыгуудан талгандай.
Жумшак тилим селейиптир каткандай,
Бирөө ага бекем кулпу таккандай.
Жан-айламды таппай турам алдастап...
Эргүү мага эрегишип жаткандай...
Мейли эми , сөзүм артка алайын ,
Жалаң сүйүү кайрыктарын чалайын.
Сыям кургап, жоготпосун сапатын,
Тындырбастан, аны ишке салайын.
Эх махабат, баарыбызды жайлаган,
Багындырып, жүрөктөрдү байлаган.
Бошоп калса, кээ бир керек тетиктер,
Бурап дайым , кыйчылдатпай майлаган .
Калат сүйлөп, таптак -тилин чайнаган,
Таштак жерге гүлдөр өсөт жайнаган.
Кандай сыйкыр күчкө ээсиң махабат!
Кантип сенден жашынамын мен анан?!
Ойлоп койдум... Акындарды Жараткан,
"Сүйүү гимнин аткарсын",- деп шайлаган...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 46
Озундо талантын бар асыл кызсың.
Мен дагы коштоп колдоп кол чабамын.
Тажабастан дагы сонун ырын чыксын.
Махабат ар адамдын эрмегидир.
Жараткан жаратылыш белегидир.
Акындар махабат деп ыр жазышса.
Өчпөгөн махабат деп элге билдир.
Тушунгондор жакшы ыр го деп сындап алат.
Тушунбогон өз тагдыр деп чырга салат.
Акындын жазган созун куралганда.
Мына минтип кереметтуу ыр жаралат.
Ийгилик Аруш!
деп чоң апаң айтчу беле